Хизб-ут-Тахрир–Британия
«2019-жыл. Кашмир конференциясы»
Ушул жылы 27-октябрь күнү Хизб-ут-Тахрир–Британия мамлекеттин түштүгүндөгү Лутон шаарында конференция өткөргөн. «2019-жыл. Кашмир конференциясы» деп аталган бул жыйында негизинен төрт баяндама уктурулду. Алардан биринде жаңы эл аралык, Кытай Кошмо Штаттардын күчтүү атаандашына айланганы, Кашмир жана анын айланасында болуп жаткан иштердин баары негизинен ушул атаандаштык алкагында болуп жатканы, АКШ Кытай аракетин «блокада» кылып, чектөөнү каалап жатканы айтылды.
Баяндамаларда АКШ өзүнүн региондогу кызыкчылыктарын ишке ашырууда Пакистан ордуна күчтүү союздаш катары Индиядан пайдаланмакчы болуп жатканы ачыкталды. Баяндамачылар ушуларды баса белгилешти: «Бул акимдер дажжалдын ролун ойноп жатышат. Себеби, алар Пакистанды Индия алдында күчсүз мамлекет катары көрсөтүшүп, Кашмир проблемасын АКШ жана БУУ жардамында чечүү керек дегендей иш тутуп жатышат. Түпкүлүгүндө, Уммат жакыр да, күчсүз да эмес. Тескерисинче, Уммат адамдарга жана ресурстарга абдан бай, ал бүткүл дүйнөнү башкарууга татыктуу. Умматта калыс жетекчилик гана жок.
Конференцияда сөз сүйлөгөндөр айткандай, Кашмир проблемасы Кашмир калкынын же Пакистан калкынын ички проблемасы эмес… Жок, ал бүткүл мусулмандардын проблемасы. Бардык балээ ушунда – Пакистан акимдери бул маселени Кашмирдин ички маселеси деп Кашмирдеги мусулмандарды жардамсыз калтырышууда, бирок, Афганистанда АКШга жардам берүүдө күчтөрүн аябай жатышат.
Баяндардын акырында маанилүү негизге этибар берилди. Т.а. мусулмандардын мусийбатына жана бөлүнүшүнө себеп – Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарган жетекчинин жоктугу. Бул жетекчи-халифа мусулман өлкөлөрүн Батыш булганычынан тазалайт жана Ислам мамлекетине гана эмес, бүткүл дүйнөгө адилеттик жана амандык алып келет.
Роя гезити, №260, 2019-жыл, 13-ноябрь.