Иликтөө: “Жүздөгөн пакистандык муслима кыздар кытайларга сатылды”.

1190
0

“Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги кабарлагандай, өткөн жылы 629 пакистандык кыз-келин кытайлык эркектерге сатылып, Кытайга алып кетилген.

Атын ачыктоону каалабаган пакистандык жарандар кыйтайга турмушка чыккан кыз-келиндердин абалы тууралуу айтып берген:

“Ал кыздар менен эч кимдин иши жок, эч ким жардам бербейт.  Аялдар нааразылык билдирсе, кытайлык күйөөлөрү өлтүрөм деп, же дене мүчөсүн кескилеп сатыкка чыгарам деп коркутушат экен”.

Пакистандын Ички жана Тышкы иштер министрликтери бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги “Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин суроосуна төмөнкүдөй жооп берди:  “ Негизи Кытай менен Пакистан өкмөттөрү эки өлкө жарандары бактылуу үй-бүлө куруусунун тарапкери экендигин жашырышпайт. Ошону менен бирге мыйзамсыз иштерди кылган жарандарды жазалоо менен эскертет”.

Пакистандын күч түзүмү май айында ондогон пакистандык жана кытайлык жарандарды кармаган. Алардын сексуалдык максатта адам сатуу менен алектенгени аныкталды. Бирок, июнь айында Исламабаддагы бир жогорку кызматтагы чиновниктин талабы менен бул окуя коомчулукка жарыя кылынбаган. Буга Кытай менен Пакистан ортосундагы мамилеге зыян жетиши мүмкүндүгү себеп катары көрсөтүлгөн.

Кытайдын саясатындагы “бир үй-бүлөгө – бир бала” деген эрежеге ылайык,  кытайлык эркектердин чет өлкөлөрдө аял издеши көбөйүп барууда.

Комментарий:

Шариятта турмуштагы ар бир суроого жооп бар. Кытай калкынын негизги бөлүгү бутпарас, мушриктерден тургандыктан, алар мусулмандардын душманы болуп эсептелишет. Аларга белгилүү бир чекте мамиле кылуу керек. Ал эми, муслима кызды аларга тапшыруу бүтүндөй арам. Бул нажас мушрик кытайлар тукумун көбөйтүү жана мусулман наслин булгоо үчүн кыз-келиндерибизден пайдаланууда.

Уйгур боордошторубузга мажбурлап чочко этин жедирип, арак ичиришти, арам иштерге буюрушту, ал тургай энелер Кытай гимнин ырдап, имамдар бийлешти. Үммөттү ушунча кордогонуна кантип чыдап жүрөбүз? Уйгур имамдары мажбурлап бийге түшүрүлгөн болсо, Орто Азия имамдары өз ыктыяры менен куфрга кызмат кылып, муътадил (мээлүүн) Ислам долбоорун көтөрүп чыгышууда. Бул абал бийге түшүүдөн да жаман эмеспи. Алар куфр дүйнөсү эмнени кааласа ошону аткарып беришүүдө. 

Кытай Шинжаңдагы жаш балдарды уурдап, атайын бала-бакчаларда өзүнүн бузук идеологиясы негизинде тарбиялап жатат. Мусулман баласы “бисмиллах”, “алхамдулиллах” сөздөрүнүн ордуна, бизге жат нерселерди үйрөнүп жатат.

Биз мусулмандык милдетибизди аткаргандай болуп жатабыз го, бирок, балдарыбыздын келечегине кыянат кылып жатабыз. Бузук идеологияга каршы чыгып, коомдо Исламий пикирлөөнү пайда кылышыбыз керек. Антпесек, мындайда эртең эле сиздин кызыңызга же небереңизге бирер мушрик кардар болбойт деп ким айта алат?  Илманий  (светтик) өкмөт мамлекеттер аралык алакага зыян жетпесин үчүн ар-намысыбызды бутпарастарга сатуудан кайра тартпайт. Мушриктерге кыздарыбызды саткандан көрө өлгөнүбүз артык эмеспи. Аруулук, абийир жана Ислам жолунда жаныбызды курман кылсак арзыйт.

Кечээ күнү Шинжаңдагы уйгур боордошторубузга боорубуз ачып жаткан эле, эми болсо ошол нажас кытайлар мусулман  өлкөлөрүнө жайылууда. Алгач уйгурлар, андан соң тажик кыздар мушрик менен үй-бүлө курду, эми кезекте Өзбекстан турат. Кыргызстанда болсо кытайлардын ээн-эркин жүрүшү айлабызды кетирүүдө. Шарият аларды нажас деп жатат, эгерде бул ыплас демократиялык режимдин ордуна Исламий системаны орнотпосок,  анда коом, келечек муун жана үммөт нажасатка батып калары анык. Мындан Аллах сактасын.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here