АКШ Мирзиёев президенттердин башын бириктиргенин алкыштады

483
0

АКШ Мирзиёев президенттердин башын бириктиргенин алкыштады

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс Ташкентте болуп өткөн Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусун алкыштады.

Америкалык дипломат социалдык тармактагы баракчасында: “Жакында Ташкенттеги жолугушууда Борбор Азиянын беш мамлекетинин башчылары тарабынан лидердик жана узакка болжолдонгон көз караштар сунушталганын көргөнүбүздөн кубанычтабыз. Борбор Азиянын туруктуулугу жана жыргалчылыгы үчүн аймактык кызматташтык өтө маанилүү. Аталган иш чара үчүн президент Мирзиёевге ыраазылык билдиребиз”, – деген .

Өз кезегинде, АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм да Элис Уэллстин пикирлерине кошулган. Ал региондогу мамлекеттер жакшы келише алуусун белгилеген.

“С5+1 жакшы. Бирок, С5 ар кандай кошумчасыз андан да жакшы! Өзбекстандын аймактык кызматташтык жолундагы жетекчилиги мактоого арзыйт”, – деп жазган элчи.

Комментарий: Белгилүү болгондой, 29-ноябрда Ташкент шаарында Борбор Азия өлкө башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өткөн. Ал жолугушуудагы негизги маселелердин бири Афганистанда тынчтык орнотуу темасы болду. Эгерде АКШ Талибан менен келишим түзүп, Афганистанда тынчтык орнотууга жетишсе, “С5+1”ди  түзүүдөн көздөгөн негиги максатына жеткен болот. АКШнын “С5+1” форматын түзүүдөн көздөгөн максаты, Борбор Азия өлкөлөрүн Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарга алып чыгуу жана ушул аркылуу бул аймактагы саясий-экономикалык кызыкчылыктарга ээ болуу. Бул кызыкчылыктарга ээ болуу үчүн АКШ региондо Кытайга каршы маанайды күчөтүү менен бир катарда Россиянын таасирин чектөөгө да олуттуу аракет кылууда.

Акыркы жылдарда Афганистанда тынчтык орнотуу боюнча аткарылып жаткан иштерге Өзбекстан да олуттуу аралаша баштады. Бул болсо, АКШнын Өзбекстанды региондо жетекчи мамлекет катары тандаганын түшүндүрөт. А бирок ошол эле учурда, Россия да Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу үчүн басым өткөрүп келет. Россия мындай ишти кошуна мамлекеттердин колу менен ишке ашырууда. Регион үстүндө жүрүп жаткан геосясий күрөштө Америка Өзбекстанды орус бийлиги каршысында жалгыз калтырбастыгын сездирип коюу үчүн да АКШ расмийлери ушул сыяктуу билдирүүлөр менен чыгып жатышат. Бул болсо, регион үстүндөгү таасир талашуу күрөшү ого бетер күчөшүнө  ишара кылат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here