Феминале көргөзмөсүндө жаңжал чыгып, музейдин жетекчиси кызматтан кетти

756
1

  Феминале көргөзмөсүндө жаңжал чыгып, музейдин жетекчиси кызматтан кетти

Гапар Айтиев атындагы музейде алгачкы жолу өтүп жаткан Феминалле көргөзмөсүндө жаңжал чыкты.   “Зомбулукка каршы 16 күн” деп аталган бул көргөзмө 17 күн болушу керек эле. Бирок, жергиликтүү активисттердин каршылыгы себептүү көргөзмө токтотулду.

Көргөзмө мындан үч жыл мурда Москвада басмаканадагы өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, мындан тышкары, өлкөдөгү гендердик саясат, үй-бүлөдөгү зомбулук жана башка нерселер чагылдырылды.

Көргөзмөдө даниялык сүрөтчү кыздын жылаңач жүрүшү жана аялдаржын ич-кийимдери көргөзмөгө коюлушу олуттуу нааразылыкка себеп болду.

Натыйжада сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан кетти. 

Ал эми экс-президент Роза  Отунбаева бир топ күн мурда музейге барып, көргөзмөнү колдогон пикирин билдирген.

Комментарий:

Былтыр Тажикстанда сүрөтчү кыз жарым жылаңач аялдардын сүрөтүн койгон фото-музей ачылганда, бул окуя соцтармактарда ызы-чууга себеп болгон эле. Ошондо да элдин фасык бир тайпасы ошол музейди “көркөм искусство” катары баалап, каршы чыккандарды “чыныгы исскусствону түшүнбөгөн, караңгы адамдар”  деп аташкан. Андан соң сүрөтчү кыз өз жанынан коркуп, коркутуулардын натыйжасында ишин башка өлкөгө көчүргөн. Ошону менен маселе жабылгандай болгон.

Ал эми бүгүнкү Гапар Айтиев музейиндеги адепсиздикке активисттердин реакциясы ар кандай мусулманды таң калтыра турган болду.

Проблемага кайрылсак, эгерде биз куфр системасынын каалоосуна сүкүт сактасак, бүгүн авраттарды жарымына чейин ачкан болсо, эртең калган бөлүгүн да толук ачып таштап, “аялдардагы эркиндик мына ушул” деши мүмкүн. Уят ыймандын бир бөлүгү, анын бири кетсе экинчиси да сөзсүз жоголот. Кыздардын абийири биздин намысыбыз . Үммөттүн эркектери бул абийир тебеленип, сатри аврат деген түшүнүк жок болушуна жол бербеши керек.

Ушундан келип чыгып, өлкөбүзгө кирип келе жаткан эркиндик, уятсыздык түшүнүктөрүнө мүмкүн болушунча каршы туралы. Биздин диний баалуулуктарыбызга шек келтиришине жол бербейли. Анткени куфр тарапта болгону кубат жана акча бар? Биз тарапта болсо Жаратуучубуз бар! Ал Зат өз ишинде үстөм жана куфрдун үстөм болушуна эч качан жол бербейт.

Куфр системасы кризиске учураган. Эгерде саткын акимдерибиздин кызматы болбогондо,  мусулмандар алда качан эле өз мамлекетине ээ болушмак. Ар бир иште хикмат бар, балким, Аллах Таала бул күндөрдү биздин ыйманыбызды сыноо үчүн берип жаткандыр. Маанилүүсү, дүйнөнүн арзыбаган матасына алданбастан, дин иши менен акырет ишинин айырмасын билип, Үммөттүн зулматтан нурга чыгышына колдон келишинче салым кошолу.  Нусрат Аллах каалаган убакта келет, нусраттын келиши шаръий далилдер менен далилденген, буга кыпындай шек-күмөн менен караган адам ыйманы алсыз пенде болуп эсептелет.  Жакынкы күндөрдө, Аллахтын уруксаты менен, динибиз үстөм болот, инша Аллах!

Мунаввара.

1 COMMENT

  1. I cling on to listening to the news bulletin lecture about getting boundless online grant applications so I have been looking around for the top site to get one. Could you tell me please, where could i find some?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here