МУЗЕЙ ОКУЯСЫ: ТҮПКҮ МАКСАТ АЯЛДЫ КОРГОО ЭМЕС

390
0

Музей окуясы: Түпкү максат аялды коргоо эмес

Музейде бузуку иш-чараны өткөргөн адамдар “бул иш-чаранын максаты – аялдар туш болгон зомбулукка каршы күрөшүү” деп айтышты. Негизи, алардын демөөрчүлөрү демократияны жаюучу батыштык уюмдар. Деги, демократия (т.а. капитализм) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё алабы?

Фактылар менен айта турган болсок, дүйнөлүк деңгээлде алганда дүйнөдө ар 3 аялдын бири сексуалдык жана башка зомбулукка туш болгон (БУУ). Демократиянын чордону болгон өлкөлөргө көз чаптыралы: Францияда ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт (Le Journal du Dimanche), Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт, 2017-жылы эки же үч күндө бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн (DW), Евросоюзда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык тийиштиктин курманы болот (БУУ), АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот (БУУ). Бириккен Улуттар Уюму да бул көрсөткүчтөрдөн артта эмес, БУУ кызматкерлеринин үчтөн бири кеминде бир жолу жумуш ордунда сексуалдык тийтиштикке кабылышкан (Радио Свобода).

Аялдардын минтип кор болушунун себеби капитализмдин (демократиянын) аял жөнүндөгү көз карашына байланыштуу. Капитализм аялга эне, эже-карындаш, үй кожойкеси, корголушу зарыл болгон абийир деп карабайт, тескерисинче, аны товар катары көрөт. Ошондуктан, капитализм аялдан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууну көздөйт, ал сойку болуп же рекламаларда жылаңач денесин көрсөткөн модель болуп пайда алып келеби, айырмасы жок. Бул көз караш адамдарды аялдарга ар кандай түрдө зомбулук кылууга үндөөдө.

Демек, жогоруда айтылгандай, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Алардын максаты аялдарды зомбулуктан коргоо эмес, тескерисинче, демократияны жаюу, аны жаюуга жолтоо болгон тоскоолдуктарга каршы күрөшүү. Бүгүнкү күндө демократиянын жайылуусуна тоскоол болуп турган жалгыз нерсе – Ислам. Ошондуктан, колонизаторлор Исламдын өкүмдөрүнө, көз караштарына, адеп-ахлагына, мыйзамдарына каршы күрөшүүдө. Колонизатор бир тараптан, музейдеги окуя сыяктуу ыкмалар менен Исламга каршы күрөшүп жатса, экинчи тараптан, «терроризмди» жана «экстремизмди» шылтоолоп, мусулмандардын биримдигин жана шартиятты көтөрүп чыккан мусулмандарга каршы күрөшүүдө. Негизи, демократия саясатыбызга, башкаруубузга, экономикабызга кирип келген, бирок, аң-сезимибизге кирип кете элек. Эми, минтип колонизаторлор демократияны акыйда сыпатында аң-сезимибизге сиңдирүүгө урунууда.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here