Столтенберг: АКШ Кытайдын таасири күчөп бара жатканынан тынчсызданууда

501
0

Столтенберг: АКШ Кытайдын таасири күчөп бара жатканынан тынчсызданууда

АКШ Кытайдын таасири күчөп бара жатканынан тынчсызданууда. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

 Столтенберг: “АКШ ар дайым эң ири экономикага, эң ири алдыңкы технологияларга ээ болуп келген, ал бардык нерседен алдыда болгон. Учурда Кытай өнүгүүдө – үлкөн экономикага, ири ИДПга ээ болууда о.э. аскерий каражаттарды көбөйтүп, технологияларды өнүктүрүүдө”, – деди.

О.э. «Кытай жаңы технологияларды өнүктүрүүдө дүйнөдө жетекчиге айланып жатканын» белгиледи. 

 “5Gдан баштап, адамды жүзүнөн таануучу технологияларга чейин, кванттык эсептөөлөрдөн, өтө көлөмдүү глобалдык маалыматтарды чогултууга чейин. Ошол себептен, Кытайдын таасири кеңейип бара жаткандыгы коопсуздугубуз үчүн эмнени түшүндүрөрүн аңдашыбыз керек”, – деди Столтенберг.

 Комментарий: Акыркы жылдарда Кытай экономикасы аябай тез өнүгүп, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланды. Кытай экономикасынын активдүү өнүгүшү АКШнын тынчын алып, Кытайды өзүнө жана аскерий атаандаш катары көрө баштады. Үстүбүздөгү жылдын май айында АКШ коргоо министрлиги (Пентагон) да Кытайдын күчөп бара жатканы боюнча доклад даярдаган. Докладдын авторлору “Кытай жетекчилери өсүп бара жаткан экономикалык, дипломатиялык жана аскерий таасирден, региондо үстөмдүк орнотуу жана мамлекеттин эл аралык таасирин кеңейтүү үчүн пайдаланууда”, – деген пикирди билдиришкен.

Ошол себептен да АКШ 2017-жылдан баштап Кытай менен “соода согушуна” киришти. А бирок, ал “согуш” себептүү АКШнын өзү да олуттуу зыян көргөнү себептүү, эки мамлекет “соода согушун” токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кыла башташты. Бирок, АКШ Кытайдын күчөп кетишин каалабайт. Ошол себептен да, АКШ ушунча жылдан бери көз жумуп келе жаткан Кытайдын чыгыш Түркстандагы уйгурларга каршы саясатынан басым өткөрүү куралы катары пайдаланып, дүйнөлүк коомчулукту Кытайга каршы багыттамакчы болууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here