Жээнбеков: «Коопсуз шаар» экономикалык долбоор эмес

700
0

Жээнбеков: «Коопсуз шаар» экономикалык долбоор эмес

Президент Сооронбай Жээнбеков «Коопсуз шаар» долбоору өкмөткө пайда көздөгөн экономикалык долбоор эмес экенин, жол кырсыгын жана өлүм-житимди азайтууга багытталганын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференцияда айтты.

Президент өз сөзүндө санариптештирүүнүн ийгилиги — баардык кызыкдар тараптардын —  коомдун, мамлекеттин, бизнестин, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн аракети бириккенде гана болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле санарип этикасын сактоонун, киберкоопсуздукту камсыздоонун жана жарандардын ички маалыматтарын коргоонун жетиштүү деӊгээли камсыз болушу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңди. Мындан белгилүү болгондой, Кытай менен Орусия биздин үстүбүздөн маалыматтык коопсуздукка көзөмөл кылуу үчүн күрөш алып барууда. Буга президент да ишара кылгандай, “чет өлкөлүк өнөктөштөргө” жол ачып берүүдө. Анан калса, Кытайдын экинчи этапта жеңип алуусун Кыргызстан бул долбоордон пайда үмүт кылбаганы менен актап жатат.

Бирок, Орусия өз өлкөсүндө мусулмандардын үстүндө кандай зулумдук менен жалган “терракттарды” уюштурганы, Кытайдын Чыгыш Туркистандагы мусулмандарга адам чыдагыс азап жеткирип жатканы баарыбызга маалым. Президент “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну ушул өлкөлөргө карматып коюп, анан кайдагы коопсуздукту кеп кылып жатат? Түпкүлүгүндө, бул долбоорду мамлекет өзү ишке ашыра алаарын бир катар аткаминерлер саймедиреп келген эле.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here