Казакстан тышкы иштер министри: Шинжаңдагы “лагерлерде” казактар жок

342
0

Казакстан тышкы иштер министри: Шинжаңдагы лагерлерде” казактар жок

 Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 4-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кытайдын Шинжаң аймагындагы “кайра тарбиялоочу лагерлерде” казактар жоктугун айтты.

 “Биздин президент жакында эле Кытайда мамлекеттик сапарда болду. «Билим берүүчү борборлордо» азыр Кытайда жашаган казактар жок. Бул маалымат жогорку деңгээлде ырасталды”, – деген министр мурда ал жакта канча казак камакта болгонун тактаган жок.

 Белгилүү болгондой, мушрик Кытай өкмөтү терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен “кайра тарбиялоо” лагерлерин ачкан. Кытай “билим берүү борборлору” деп атап алган лагерлерди эл аралык уюмдар “кыйноого алуучу” жана акы төлөбөстөн же аз акыга мажбурлап иштетүүчү, эне тилинен пайдаланууга о.э. өздөрүнүн маданий жана диний каада-салттарына тыюу салуучу “концентрациялык лагерлер” деген аныктама беришкен.

БУУнун 2018-жылы жарыя кылынган маалыматына ылайык, Шинжаңдагы “кайра тарбиялоо” лагерлеринде уйгур, казак, кыргыз жана башка улуттагы мусулмандар болуп, жалпысынан 1 миллиондон 3 миллионго чейин адам кармалууда.

 Кытайда миңдеген казактар лагерлерде жатканы тууралуу алардын туугандары айтып, аларды азат кылууга казак бийлигинен жардам сурашкан. Бирок, казак бийлиги “Шинжаңдагы абал Кытайдын ички иши” экендигин шылтоолоп, иш жүзүндө жардам бербеди.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here