Коопсуздук Кеңешинин «опузалоо» резолюциясы кыпындай да жакшылык алып келбейт

427
0

Басма сөз баянаты

Коопсуздук Кеңешинин «опузалоо» резолюциясы кыпындай да жакшылык алып келбейт

2014-жылы 16-февраль күнү Коопсуздук Кеңеши Литва республикасынын убактылуу өкүлдүгү астында Раймонда Мурмокайтенин төрагалыгында жыйын өткөрүп, Яманга байланыштуу №2140 резолюцияны кабыл алды. Резолюцияда Ямандагы өткөөл процессти басаңдатып жаткан же өлкө коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч туудуруп жаткан аракеттерге аралашкан адамдар жана уюмдардын каражаттарын тоңдуруу, виза бербөө, алар жөнүндөгү маалыматтарды үйрөнүү максатында Коопсуздук Кеңеши астында Санкция комитетин түзүү айтылган. Бул резолюция Кеңешке мүчө мамлекеттерге резолюция кабыл алынгандан тартып бир жыл ичинде комитет тарабынан аттары көрсөтүлгөн адамдардын мүчө мамлекеттерге киришине жана алардан өтүшүнө тыюу салган тийиштүү чараларды көрүү милдетин жүктөйт.

Эл аралык Коопсуздук Кеңешинин бул резолюциясында баса белгилешинче, Ямандагы өткөөл процесс дагы эле бүтпөгөн. О.э. Булуң мамлекеттеринин демилгесине жана анын аткаруучу механизми жөнүндөгү документине кол койгон тараптар да бул өткөөл процесске ыраазы болгон. Коопсуздук Кеңеши бардык ямандыктарды өткөөл процессти урматтоого о.э. «Аткаруучу механизм» келишиминин эрежелерине баш ийүүгө чакырды.

Бул жаңы резолюция ар жылы байма-бай чыгарылып жаткан резолюциялардын үчүнчүсү болуп эсептелет. 2011-жылы №2014 резолюция чыгарылган болсо, 2012-жылы №2051 резолюция чыгарылды. Булардын акыркысы 2014-жылдагы №2140 резолюция болуп, анын долбоорун Британия даярдаган. Резолюциянын жетинчи бөлүмүмө ылайык эл аралык коопсуздук жана тынчтыктын бузулушуна байланыштуу биринчи жолу атайын санкция комитети түзүлө турган болду. Мурунку эки резолюция алтынчы бөлүмгө жана жалпы  принциптерге негизделген.

Эгер, Ямандагы саясатчылар Коопсуздук Кеңеши бирер жакшылык алып келиши мүмкүн деген ойго барып жаткан болушса, өзгөчө, Яман азыр ошол резолюциянын жетинчи бөлүмүнүн алкагына киргизилген учурда ушинтип ойлоп жатышкан болушса, бул аңкоолук жана саясий сокурдук болуп эсептелет. Мындан мурун ушул алкакка Ирак киргизилген жана бул резолюция Саддамды кулатууга шылтоо болгон. Негизи, Саддам кулатылды, резолюция болсо дагы эле иш жүзүндө..? Арийне, бул резолюцияга ылайык, Коопсуздук Кеңешине адамдарга гана эмес, бүткүл мамлекеттерге жана алардын саясаттарына чейин аралашуу чараларын көрүү укугу берилген. Мисалы, ушул бөлүмдүн 42-беренесинде мындай делген: «Коопсуздук Кеңеши 41-беренеде көрсөтүлгөн чаралар максатка ылайык болбой жатат деп эсептесе же бул чаралар көрүлбөгөнү өз тастыгын тапса, Кеңешке эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо же турукташтыруу үчүн аба, деңиз жана кургактык күчтөрү жардамында зарыл операцияларга киришишине уруксат берилет. О.э. бул операциялар демонстрациялар, блокада кылуу жана БУУга мүчө мамлекеттерге караштуу аба, деңиз жана кургактык күчтөрү жардамында башка операциялар көрүнүшүндө болушу да мүмкүн».

Эй Яман калкы!

Силер козголоң көтөрүп мына ушул максатты көздөдүңөрбү? Тигил акимдер, партиялар жана уюмдардан турган саясатчылар өлкөнү жетектөөгө ылайыктуубу? Өлкөнү момун туурасында убадага да, милдетке да баш ийбеген кимселердин колуна тапшырып койгондор алар эмеспи?! Чабанчы өзү койлорунун душманы болсо, карышкырды айыптоодон эмне пайда?! Коопсуздук Кеңеши менен БУУ өздөрү кирип келген бардык өлкөгө бузгунчулук, ойрондулук, калк арасында фитна чыгаруу, өлкөнү алсыз бөлүктөргө бөлүп жиберүү сыяктуу нерселерден башка эмне алып келди?! БУУнун тарыхы жалаң жырткычтыктар менен жазылган: Кытай Чыгыш Түркстан мусулмандарына, Россия Батыш Түркстан мусулмандарына каршы чабуул жана кыргындарды жасады о.э. Босния жана Герцеговина, Афганистан, Ирак, Мьянма, Сирия, Борбордук Африка жана башка жерлерде эмнелер жасалган болсо, ушул БУУ башкаруусу астында болду!!! БУУнун Коопсуздук Кеңеши сыяктуу уюмдары өзүнө мүчө мамлекеттерге өз саясатына кызмат кылбаган жана пландарына тескери келген резолюцияларды бекер кылуу укугун берген. Мына, азыр да Башар Асад Сириядагы мусулман боордошторубузга каршы канчалаган ыплас кылмыштарды жасаса да, ар кандай кызыл сызыктан өтүп кетсе да бул уюм унчукпай карап турат. Дүйнөдөгү бардык исламий өлкөлөрдүн мусулмандарына каршы буга окшогон жырткычтыктар ишке ашырылды, ал эми, бул опузалоо Кеңеши буга уруксат берип берип, карап турат!

Ямандагы саясатчылар өздөрүнүн ыплас, өткүнчү жеке кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууну көздөйт. Бул саясатчылар миңдеген инсанды набыт кылууга туура келсе да өз кызыкчылыгын ойлогон колонизатор душман Батышка ээрчип келүүдө. Ушундай кимселер туурасында ким жакшы күмөндө болсо, ыйманына бир назар салып, Аллахтын Куръандагы төмөндөгү сөздөрүнө карасын:

«Яхудий жана насранийлер алардын динине кирмейинче эч качан сага ыраазы болушпайт»  [2:120]

«Сен дирдеринде маразы бар адамдар – бизге бирер балээ жетишинен коркобуз, дешип, (кафирлер) тарапка шашып жатышкандарын көрөсүң, мүмкүн Аллах мусулмандарга жеңиш берер же өз алдынан бир ишти келтирип, алар ичтеринде жашырган нерселерине бушайман кылуучуларга аайланып калышаар»                                                   [5:52]

Өз пикиринде жана ыйманында бекем, насаат жана баян кылууда калыс Хизб-ут-Тахрир ыйман жана хикмат калкын мындай залимдерге таянбоого о.э. мындай тогут башкарууну кулатып, анын ойрондулары үстүндө туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн биргеликте аракет кылууга чакырат. Батыш Үммөттүн өз Халифалыгына кайтышынан коркуп ушул козголоңду нугунан чыгарып, өзү каалаган багытка салуу максатында мына ушинтип аралашууда. Бирок, Батыш козголоңду изинен чыгарып, өзү каалаган багытка сала албайт, себеби, нусратка Аллах убада берген, Расулу башарат кылган жана биз бул жолдо аракет кылып жатабыз.

«Алар айла кылышат, Аллах да «айла» кылат, Аллах айлакерирээк»                               [8:30]

Абдулмумин Зайлаий

Хизб-ут-Тахрирдин Яман вилаятындагы басма сөз бөлүмү

Телефон: 735417068

Электрондук почта: aan1924@gmail.com

Хизб-ут-Тахрирдин сайты: www.hizb-ut-tahrir.org

Хизб-ут-Тахрирдин басма сөз бөлүмүнүн сайты: www.hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here