Ооганстан: Талибдер тузакка илинүүдө
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг: Ооганстан маселесин чечүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындай натыйжага буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишкен эмеспиз, – деди. Ал бул тууралуу Дохада өтүп жаткан АКШ менен Талибан өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө комментарий берип жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөр 4-августтан бери жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ Ооганстандагы аскерлеринин санын 14 миңден сегиз миңге кыскартат. Ал эми, Талибдер Аль-Каидадан баш тартып, согушту токтотуу менен бирге расмий бийлик менен сүйлөшүүгө отуруусу шарт.
Белгилүү болгондой, бул маселе 2001-жылдын аягында АКШ Талибанды күч менен бийликтен алгандан кийин башталган. Муну АКШ 11-сентябрдагы “терракт” шылтоосу менен жасаган. Бүгүнкү күндө Ооганстан маселеси АКШнын баш оорусуна айланды. Анткени, 18 жылддан бери миллиарддаган доллар жумшап түптөгөн расмий бийлик элдин колдоосуна ээ боло албады. Тескерисинче, күн санап алсырап бара жатат.
Тилекке каршы, учурда “Талибан” өкүлдөрү 18 жылдык мээнетин текке кетирүү алдында турат. Анткени, куфр менен келишүүгө кадам таштай баштады. АКШ ушунча убакыттан бери согуш менен жете албаган жеңишке, саясий тузактар менен жетүүгө шыктанып жатат. Бул тузак, талибдерди куфр системасына негизделген жол менен бийликке барууга көндүрүү. Тагыраагы, талибдерди адам акылынан чыккан “республикалык” башкаруу системасына көндүрүп жатат.
Андыктан, Америка кандай гана кооз шарттарды сунуштабасын, алардын баары аягында мусулмандарга тузак болуп эсептелет! Египеттеги “Ихван” кыймылынын абалы буга жаркын мисал боло алат.
Мумтаз Маверанахрий
order lasix sale – order nootropil 800mg generic betamethasone 20gm creams
rybelsus 14mg without prescription – order periactin 4mg online cheap order cyproheptadine pills
buy domperidone sale – buy tetracycline 250mg online buy flexeril generic
order motilium 10mg online cheap – generic sumycin 500mg how to buy cyclobenzaprine
inderal pills – order inderal online methotrexate 5mg ca
buy cheap coumadin – buy reglan medication cheap losartan
levofloxacin 250mg uk – levaquin 500mg sale buy ranitidine tablets
nexium price – oral nexium 40mg imitrex for sale
meloxicam 15mg sale – buy tamsulosin 0.2mg for sale purchase flomax