Истамбулдагы муниципалдык шайлоолор жана башкаруу формасы туурасындагы талкуу-тартышуулар

428
0

Истамбулдагы муниципалдык шайлоолор жана башкаруу формасы туурасындагы талкуу-тартышуулар

Махмуд Кар

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты

маалымат бөлүмүнүн төрагасы

2019-жылы 23-июнь күнү Истамбулда өкөрүлгөн шайлоодо «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын жеңилүүгө учурашы артынан, башкаруу формасы туурасында талкуу-тартышуулар күн тартибине кирди. Оппозициячыл партиялардын жетекчилери, мисалы, «Республика Элдик партиясынын» төрагасы Камал Кылычдоруглу, «Ийи» партиясынын төрагасы Мерал Акшенер, «Бакыт» партиясынын төрагасы Темел Карамуллауглу сыяктуу парламенттик башкаруу формасына кайтууга чакырышты. «Адилет жана Өнүгүү» партиясындагылар болсо, президенттик башкарууда бир аз кемчиликтер гана болду деп актанып жатышат. Алар «биз президенттик башкарууну реформалоо жана бир жылдык тажрыйбабыздан пайдаланып кемчиликтерди жоюу менен жолубузду улантабыз» деген сыяктуу билдирүүлөрдү беришти. Мисалы, «Улуттук Кыймыл» партиясынын төрагасы Давлат Бахчели эскерткендей, 23-июндагы шайлоодогу жеңилүүнүн артынан оппозиция эл арасында болуп жаткан талкуулардан пайдаланмакчы.

Бул нерсе «Республика» партиясы жетектеген «Улуттук союз» үчүн ыңгайлуу учур болушу табигый. Алар Истамбулдагы муниципалдык шайлоолордогу жогору добуштарды шылтоолоп, англистердин эски парламенттик башкаруусуна чакырышууда. Эски башкаруунун кайтуу-кайтпашына карабастан, «Республика Элдик» партиясы ушул багыт боюнча коомдук пикирге ээ болууга аракет кылып, өкүмдар партиянын кемчиликтерин, айыптарын жана ийгиликсиздиктерин коомчулукка айта баштайт. Мунун акыбетинде, «Адилет жана Өнүгүү» партиясы менен «Улуттук Кыймыл» партиясын өз ичине алган «Республика союзунда» кээ бир бузулуулар келип чыгат. Англисчил болгон «Улуттук союз» башкаруу формасы туурасындагы талкуулардан пайдаланып калмакчы. Бул болсо, оппозициячыл партиялар үчүн саясий колдоону пайда кылат.

Бирок, өкүмдар «Адилет жана Өнүгүү» партиясы жана президент Эрдаган үчүн абал башкача. Себеби, алар үчүн 23-июндагы шайлоолордогу аянычтуу жеңилүүнүн саясий моралдык соккуларынан кутулуу оңой эмес. Бүгүн алар колдон чыгарылган Истамбулду «Республика Элдик» партиясынан мындан 25 жыл мурда жеңип алышкан. Кала берсе, алар Истамбул башкаруусун «Республика Элдик» партиясына берүүдөн абдан кооптонушту, бул оңойлук менен колдон чыгарыла турган нерсе эмес. Өзгөчө, мамлекет экономикалык кризистерден кыйналып жатканда, бул нерсе алар үчүн өтө кыйын. Анткени, 23-июндагы жеңилүүдөн кийин, өкүмдар партия ичинде блоктордун пайда боло баштаганы, күтүлүп жаткан бөлүнүүлөр жана жаңы партия түзүү амалияттары жүз берип жатканы үчүн Истамбул башкаруусун тапшыруу күтүлгөндөн да кыйын болот.

Мен америкачыл «Республика союзу» менен англиячыл «Улуттук союздун» башкаруу формасын талкуулоо аркылуу алардын ишке ашырмакчы болуп жаткан саясий пландары жөнүндө көп сүйлөп отурбайм. Себеби, алар ушул талкуудан пайдаланып, бардык нерсени жабышмакчы, негизги аракеттери ушул. О.э. бул талкуу менен алар канчалык бытыранды экендиктерин, калк жана анын маселелеринен бүтүндөй алыста экендиктерин да көрсөтүп жатышат. Анткени, калк турмуш кыйынчылыктарынан кыйналып жатат, бийликтегилер мамлекет карыздарын төлөй албай жатышат, жумушсуздук жогору даражага көтөрүлгөн… Мына ушундай учурда өкүмдар партиядагылар жана оппозициялдагылар жогорудагы талкуу менен алек.

Биз, мусулмандар катары, бул эки тарап ушул талкуу менен элдин проблемаларын чечүүсү мүмкүн эместигин түшүнүшүбүз керек. Анткени, экөөсү тең калктын проблемасын чечүүгө аракет кылбады, тескерисинче болду. Парламенттик башкарууда европалыктарга жана алардын кызыкчылыктарына кызмат кылган Британиянын Түркиядагы саясий таасири корголду. Президенттик башкарууда болсо, Американын саясий таасирин бекемдөө, анын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн ушул башкаруу формасынан пайдаланылды жана аны өнүктүрүүгө аракеттер жасалды. Ар эки башкаруу формасында мусулмандардын каалоосу эсепке алынбаган. Анткени, алар бизге таандык эмес жана алар бизге эмес, башкаларга кызмат кылуу үчүн даярдалган.

23-июндагы шайлоолордун натыйжасындагы жаңы саясий абал мына ушундай. Бул, ачык-айкын көрүнүп тургандай, мусулмандарды ушул баскычка т.а. үлкөн каргаша жана үмүтсүздүк абалына салып койгон натыйжа. Анткени, Эрбакан жана 30 жылга уланган анын саясаты, Эрдаган жана 20 жылга уланган «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын саясаты мусулмандарды үрөй учурган балээлерге, үмүтсүздүккө кириптер кылууга багытталды. Ислам көз карашынан алганда, ушул элүү жыл ичинде бул аки мдер жана саясий партиялар мусулмандарга күрөштөн башка эмнени беришти?! Биз, мусулмандар, ушундай абалга түшүп калдык, 1924-жылы Халифалыкты кулаткан жана бүгүнкү күндө Истамбул бийлигин колго алган «Республика Элдик» партиясына ишене турган болуп калдык, ошондон үмүт кылып жатабыз… Түпкүлүгүн алганда, бул – кайрыисламий саясаттын дал өзү. Эрбакан жана анын шакирти Эрдаган ээрчиген демократия алардын атаандаштары-душмандары үчүн мусулмандарды добуш бере турган кылып койгон демократия. Ошондой болгон соң, 23-июндагы шайлоолоруна мамиле билдирүү мүмкүнбү?!

Мамлекеттеги республикалык башкаруу күрд мусулмандарын куугунтуктоо, өлтүрүү жана жаттардай мамиле кылуу негизине курулган. Бүгүнкү күндө ушул башкаруу түзүмүнө негиз салган «Республика Элдик» партиясына добуш берилип жатат. Демек, исламий деп элес кылынган партия мусулмандарга эч нерсе алып келген жок. Бул ушуну түшүнүдүрөт, алар мусулмандардын бир да проблемасын чече алышпаган. Т.а. исламий идеология же долбоорду кабыл алышпаган. Маселе жолдорду, көпүрөлөрдү же аэропортторду куруу маселеси эмес, маселе жүрөктөрдү бириктирүү маселеси. Бул болсо, бир исламий жетекчиликсиз таптакыр жүзөгө чыкпайт.

Мындан тышкары, алар жаман акыбеттерди калтырышты. Т.а. калк алардын администрациясын исламий администрация деп ойлоп жатат, себеби, алар мусулман, сөздөрүн да исламий кылып, кооздоону улантышууда. Арийне, адамдар проблема алардын жаман исламий башкаруусу себептүү деп ойлошууда. Ушул система ээлери мындан жарым кылым мурда өздөрүнүн түзүмдөрүнө мусулмандарды киргизүү үчүн «Эң оболу бир партия түзүү жана аракет алып баруу керек. Ушул аркылуу элдин добушун алып, шайлоодо жеңишке жеткенден кийин, беймарал өкүм жүргүзүү мүмкүн», дешкен. Т.а. алардын айтымында, бирер партия түзүп, «Биз Исламга кызмат кылабыз» деп мусулмандарды добуш берүүгө чакыруу лазым, кийин беймарал аларды ушул кайрыисламий түзүмгө кошуу мүмкүн болот. Алар ошондон кийин бийлик тизгинин колго алышты, бирок, Исламдын бир нерсесин да колдонушкан жок, Исламга кызмат кылышкан да жок. Кыскасы, алар ушул илманий демократиялык түзүмдү мусулмандар арасына киргизип, өзүлөрүнө тапшырылган милдетти аткарышты. Бүгүн бул түзүм ээлери эмне деп жатышканын билип жатасыңарбы? Алар «биз силерге мүмкүнчүлүк бердик, бирок, силердин колуңардан башкаруу келбеди, башкара албаганыңар себептүү, бул башкарууну тартып алуу үчүн дагы кайтып келебиз» деп жатышат.

«Саясий ислам» деп айтылган жана Эрбакан баштап берип, Эрдаган улантып жаткан бүгүнкү абал мына ушундай. Биз бул нерсе мусулмандар үчүн сабак болот деген үмүттөбүз. Т.а. булар мусулмандарды Ислам шариятына негизделген исламий саясий аракетке таптакыр жетектебейт жана рошид Халифалыктан башкасы Ислам түзүмү менен таптакыр өкүм жүргүзбөйт. Халифалык эбак эле эскирип чириген кемалчылардын парламенттик түзүмүнө альтернатива болот, либерал демократтар аны моюнга алышпайт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here