Түркия Иракта жаңы “антитеррор” операциясы башталганын жарыялады

431
0

Түркия Иракта жаңы “антитеррор операциясы башталганын жарыялады

 Түркия коргоо министрлиги Ирак түндүгүндө жаңы антитеррор амалияты өткөрүлүшүн жарыялады.

 “12-июль күнү Ирак түндүгүндө атайын отряддарыбыз артиллерия жана аскерий аба күчтөрү колдоп-кубаттоосу астында жаңы “Пенже-2” операциясын баштады”, – деп билдирилди министрлик тарабынан.

Коргоо министрлигинин белгилешинче, операцияда қургактыктагы аскерий техника, T129 ATAK вертолёттору, учкучсуз курулмалар катышууда.

 “Пенже-2” операциясы Ирактын Хакурк аймагындагы согушкер уюмдардын башбаанектерин жоготууга каратылган.

Түркия куралдуу күчтөрү 28-майда Ирак түндүгүндө “Пенже” аскерий амалиятын баштаган эле. Андан мурун Түркия Сирияда 2016-жылы “Ефрат калканы” жана 2018-жылы “Зайтун бутагы” аскерий операцияларын өткөргөн.

2018-жылы май айында НАТО баш катчысы Столтенберг Түркиянын НАТО үчүн маанилүү мамлекет эсептелишин баса белгилеп, “Муну түшүнүш үчүн картага кароонун өзү эле жетиштүү”, – деген.

“Ирак жана Сирияда НАТОго мүчө мамлекеттер үчүн коркунуч болуп эсептелген зомбулуктар болууда. Түркиянын зор мааниге ээ экенин түшүнүш үчүн, анын дал ошол Ирак жана Сирияга коңшу болгон стратегиялык жайгашуусуна назар таштоонун өзү жетиштүү”, – деп кошумчалаган ал.

АКШ башчылыгында түзүлгөн глобалдык коалиция үчүн негизги шарттар Түркия тарабынан жаратып берилгендигин баса белгилеген Столтенберг “Биз Түркияга ыраазыбыз” деп, Эрдоган өкмөтүнө ыраазылык билдирген.

Мындан сырткары, АКШ расмийлери да, Түркия өкмөтүнүн колдоп-кубаттоосу болбогондо Сирияда ийгиликке жетише алмак эмес экенин бир нече жолу баса белгилеген.

Чындыгында, Эрдоган башчылыгындагы Түркия бийлиги ачыктан-ачык Америкага кызмат кылууда. Эгер АКШнын урухсаты жана көрсөтмөсү болбогондо, Түркия Сирия же Иракка кирип барууга батынмак эмес.Түркия Сирияда АКШнын долбоорлору жүзөгө ашуусу үчүн эч ким жарата албаган мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берди. Алеппону коргоп жаткан согушкерлерди “ИШИМ”ге каршы күрөш шылтоосу менен “Ефрат калканы” амалиятына тартып, Алеппону жардамсыз калтырды. Натыйжада, Алеппо канкор Асаддын колуна өттү. Кийин “Зайтун бутагы” амалияты аркылуу Идлибдин жарымын тапшырды. Дагы кайрадан АКШ сызып берген долбоор алкагында, Ирак түндүгүнө кирди…

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here