“Ажылыкка бойкот”

506
0

“Ажылыкка бойкот”

Ислам шариятындагы фарздардын бири – ажылык зыяраты жакындашып келүүдө. Бул фарзды өтөө үчүн, Маккаи Мукаррамада дүйнөнүн булуң-бурчтарынан 2,5 миллиондой мусулмандар жыйналышат. Аларды – тегине, улутуна, жердигине, түсүнө, жынысына карабастан – Ислам акыйдасы жана шарияты бир жайга топтойт. Андан мусулмандар бир туугандыгы, алардын пикирлери, туйгулары бир экендиги даана көрүнөт. Мына ушул ажылык күндөрү (хаж маусуму) алдынан, учурда дүйнөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттары тарабынан “ажылыкка бойкот” темасы көтөрүлүүдө (Кыргызстанда, айрыкча “Азаттык” көтөрүүдө). Алар бул жаатта айрым сарай уламаларынын ажылыкка барбоого чакырган кептерин таркатышууда.

Дүйнөлүк саясаттан алганда, азыр дүйнөгө өкүм жүргүзүп жаткан демократиялык-империалисттик куфр системасынын өкүлдөрү Исламга жана мусулмандарга каршы күрөш алып барышууда. Анын алкагында, алар мусулмандар биримдигин чагылдырган ар кандай көрүнүштөргө сокку урууга аракеттенишет. Мусулмандар ортосун ажыратуучу, арага жик салуучу ыкмаларды ишке салышат. “Ажылыкка бойкот” темасы да мына ушул түркүмгө кирет (Айттын ар башка күндөрдө белгиленип калышы да ушул сыяктуу). Алар бул теманы көтөрүп чыгуудан сырткары, бул темадагы кептерди өз максаттарына ылайык бурмалап да таркатышууда. Мисалы, ажылыкка кайра-кайра баруудан жана умрадан тоскон фатваларды алар жалпы эле “ажылыкка бойкот”, “ажылыкты жоюу” деп көрсөтүшүүдө.

Ал эми эл аралык саясатка тиешелүү жагына келсек, буга Юсуф Кардовийдин чакырыгын мисал келтирүү менен ачыктык киргизе кетебиз. Бул теманы көтөргөн маалымат каражаттары Юсуф Кардовийдин былтыр август айында айткан кебин кайрадан жарыялашууда. Анда Кардовий:  “Аллахка хаж керек эмес. Ал сунуштаган ар кандай фарз Ага ээрчигендерди рухий жактан байытууга каратылган…”, Аллах алдында – ачтын кардын тойгузуп, үйсүзгө жай берип, дарттууну дабаалаган иштер – акчасын жыл сайын хажга жана умрага салган адамга караганда жакшыраак деген сөздөрдү айткан.

Юсуф Кардовий ким?

Ал учурда дүйнөдөгү атактуу сарай уламаларынын бири. Мисирде АКШ малайы Жамал Абдуннаср бийликте турганда, 1961-жылы, бийлиги Британияга малай болгон Катарга көчүп кеткен. 1997-жылдан бери “Фатвалар жана изилдөөлөр боюнча Европа кеңешин” жетектейт. Кафир Батыш Исламды демократияга ылайыкташтыруу үчүн ойлоп тапкан “умеренный исламдын” эң алдыңкы алга сүрүүчүсү. Калыс мусулмандарды экстремизмде айыптап, аль-Жазира трибунасынан түшпөйт. О.э. саудиялык сарай уламалары менен кайым айтышканда, баскынчы Батыш империалисттери элдин назарынан таптакыр далдаада калат.

Кардовийди жогорудагы кебин айтууга эмне түрттү? Белгилүү болгондой, АКШ президенти Трамп 2017-жылы майдын акырында, Саудия борборуна мусулман дүйнөсүнүн 50дөй мамлекет жетекчилерин топтоп, саммит өткөргөн. Эки тараптуу жолугушуулардан жана саммиттен кийин, Перс булуңу мамлекеттеринин лидерлери менен өзүнчө жолукту. Мында Трамп Катар бийлигине өзгөчө басым жасады. Анткени, Катар бийлиги Британияга малайлык кылат. Катарда АКШнын эң ири ал-Удэйд авиабазасы жайгашып, ал жакта 10 миңдей аскери болушуна карабастан, Катар бийлиги АКШга андан да көбүрөөк малайлык кылуусү үчүн, ал аркылуу региондогу  Британия таасирине сокку уруу максатында, Трамп Катарга катуу кысым кылды. Катар бийлиги мындан буйтаган соң, Трамп өз малайлары болгон Египет жана Саудия жетекчилерине Катарга басым жасоону тапшырып кетти. (2015-жылы король Салман бийликке келгенден тартып, Саудия бийлиги АКШга малайлык кыла баштаган.)

5-июнда Саудия, Эмираттар, Египет жана Бахрейн Катар менен бардык дипломатиялык алакаларын үзүп, аба жана деңиз байланыштарын токтотконун жарыялашты. Ал мамлекеттер Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыпташты. Бул Булуң мамлекеттери Катарга блокаданы алып салуу үчүн 13 пункттан турган шарттарды коюшту. Анын ичинде аль-Жазираны жабуу да бар эле. Анткени, эл аралык саясаттагы маалымат согушунда аль-Жазира Британиянын эң маанилүү куралы болуп саналат. Катар болсо коюлган шарттарды кабыл алынгыс деп билдирди. Ошентип, аймагы биздин талас облусунчалык, калкы 2,5 миллион Катар мындай катуу басымга Британиянын колдоосу менен каршы тура баштады.

Катарга санкциялар салган жогорудагы мамлекеттер ондогон адамдарды “кара тизмеге” тизмеге киргизген. Алардын арасында Юсуф Кардави да бар.

Кардовийдин жогоруда келтирилген кептери мына ушул эл аралык АКШ-Британия күрөшүнө кызмат кылуудан башка нерсе эмес, андан исламий эч бир нерсе издеп кажети жок.

Кардовийдин сөздөрүнө катар эле, маалымат каражаттарында келтирилип жаткан Ливия муфтийи Содик Жарьяний жарыясы да ушуну ырастап турат. Жарьяний быйыл экинчи ирет ажылыкка баруудан жана умрадан тосуп: алар жакшылык иш кылбай эле, күнөөгө батышат, – деген. Ал мунусуна “Ажылыкты бойкоттого чакырганымдын себеби, Эр-Рияд зыяратчылардан укмуш киреше табат. Бул каражат курал-жарак алууга жана аны менен Йемендеги агрессиясын улантууга мүмкүнчүлүк берет. Мунун таасири Сирияга, Ливияга, Туниске, Суданга жана Алжирге тийип жатат” деген жүйөнү келтирген.

Содик Жарьяний Каддафинин убагынан бери эле Ливия муфтийси. Ливияда азыр, негизинен, эки тарап ортосунда жарандык согуш жүрүп жатат. Бир тарап АКШ малайы Халифа Хафтар башчылыгындагы кошуун болсо, экинчиси Британияга малай тараптар. Халифа Хафтар азыр региондогу АКШ малайлары болгон Египет жана Саудия бийликтери тарабынан кубатталууда. Муфтий Содик Жарьяний болсо, Хафтарга каршы согушкан тараптардын биринин колдоочусу. Британияга караштуу негизги күчтөрдүн ичинен 2014-жылга чейин иш алып барган өтмүштөгү өкмөт азыр да өзүн бийликке укуктуу деп эсептейт. Содик Жарьяний ошол өкмөттү колдойт. Ошондуктан, анын кептери да Ливиядагы АКШ-Британия күрөштөрүнүн алкагында келип чыгууда.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here