АКШ президенти Дональд Трамп Перс булуңундагы нефт кемелерин чабуулдан коргоо үчүн Араб мамлекеттеринен акча талап кылууда. АКШ мамкатчысы Майк Помпео бу маселени талкуулаш үчүн Перс булуңу регионуна жол алды.
Перс булуңунда абал чыңалууда. Кошмо Штаттар болсо абалдан пайдаланып, региондогу мамлекеттерден өндүрө алышынча көбүрөөк каражат жыйноого аракет кылууда. АКШ президенти Дональд Трамп Булуң мамлекеттеринен кемелерин коргогону үчүн акы талап кылып жатат.
Бүткүл ой-пикири Перс булуңу аймагына аскерий кемелер жана кошуундарды топтоо болгон Президент Трамп, эми мындан биякка бу регион бекер корголбошун социалдык тармак аркылуу жарыялады.
“Эмнеге башка мамлекеттер үчүн жүктөрдү жеткирип берүүнү көп жылдар бою бекерге коргоп беришибиз керек? Бул мамлекеттердин бардыгы мындай кооптуу транспортировкада өз кемелерин өздөрү коргоолору керек”, – деди транспортировка маселесинде кызмат акы алынышын тастыктаган Трамп.
АКШ президентинин твиттеринен кийин, АКШ мамкатчысы Майк Помпео Перс булуңу регионундагы мамлекеттерге жөнөп кетти. Ал эң биринчи Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз жана анын тобу менен жолугушту.