Алжирдже Ибн Салихтин чакырыгына каршы Жума-16 демонстрациясы болуп өттү

321
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Алжирдже Ибн Салихтин чакырыгына каршы Жума-16 демонстрациясы болуп өттү

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1440-жылы 4-шаввал, миладий 2019-жылы 7-июнь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Жума-16 кыймылына катышуу үчүн миңдеген демонстранттар Алжирдин борборуна чыгышты. Президенттик шайлоо бекер кылынгандан бери биринчи ирет болуп жаткан бул демонстрация бейшемби күнү убактылуу президент диалогго чакырышы артынан башталды. Белгилүү болгондой, окуялар ушундай тез өнүгүп жатат, демонстрациялардын көлөмү күчөшү да мүмкүн.

Демонстранттар борбордук почта аянтында чогулушту. Бирок, режимдин коопсуздук күчтөрү аларды курчап алды, бул болсо борборго багыт алган жолдордо кыймылдын токтошуна себеп болду… ондогон демонстранттар камакка алынды.

Жума сайын демонстрациялар өтчү жайлар, өзгөчө, борбордук аянт коопсуздук кызматына караштуу оор жана жеңил унааларга толук кетти.

Демонстранттар отставага кеткен Абдулазиз Бутефлика режиминдеги бардык адамдардын кетишин талап кылышты, «Эй кылмышкерлер, шайлоого орун жок», «Ибн Салих кет!», «Кайид Салих кет» сыяктуу ураандарды көтөрүп чыгышты. Учурда генерал-лейтенант Кайид Салих Бутефлика кеткенден бери мамлекетте эң күчтүү адам жана Армия башкы штабынын төрагасы болуп эсептелет.

Ибн Салих болсо кече элге кайрылуу жолдогон убактылуу президент. Анын кайрылуусуна демонстранттар каршы чыгышып: «Колуңду суна бер, бирок, колуңа кол берүүчүлөр жок», – деп кыйкырышты.

О.э. демонстрация катышуучулары Ибн Салих же премьер-министр Нуриддин Бадавий жана парламент төрагасы Муаз Бушариб сыяктуулар катышкан ар кандай сүйлөшүү столуна отуруудан баш тартышууда, Ибн Салихтин калышы «козголоңго от жагуудан башка нерсе эмес» деп айтышууда.

Роя гезити, №238, 2019-жыл, 12-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here