بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Өзгөрүү аракети закымга айланып калбасын
Устаз Абдуррахман Амирий
Исламий өлкөлөрдө, өзгөчө, Ливия, Алжир жана Суданда кафир Батышка көз каранды режимдерге каршы Уммат нааразылыгын жана кыжырын айгинелеген окуялар курч мүнөзгө өттү. Мунун артынан, колонизатор мамлекеттер айла-амалдуулук жана арамзалык менен маселеге аралашып, өз малайлары аркылуу элдин кыжырын тизгиндөөгө урунуп жатышат.
Ливияда эки тарап ортосундагы күрөштүн бир тарабында Америка өзүнүн малайлары Хафтар жана Сисий аркылуу күрөш алып барууда. Бир нече күн мурун Хафтар жасала турган иш-аракеттерди белгилеп алуу жана атаандашына каршы кандай күрөшүүнү аныктоо максатында Сисийге барды. О.э. жакында болуп өткөн Африка саммитинде Хафтарды колдогон билдирүүлөр айтылды. Экинчи тарапта Европа, өзгөчө, Британия колдоп-кубаттап жаткан Улуттук келишүү өкмөтүнүн күчтөрү күрөш алып барууда. Британия чабуулдарды токтотууга жана саясий чечимге жетишүүгө аракет кылууда.
Судан маселесине келсек, ал жердеги күрөш да жогорудагы көрүнүшкө окшоп кетет. Аскерий Өткөөл Кеңеш бийликтеги таасирдүү болбогон айрым мансаптарга өзүнө караштуу жаңы адамдарды дайындоодо. Окуялардын башында эл Аскерий Кеңешти алкыштады т.а. Аскерий Кеңеш Башир, Ибн Афв, Куш жана башка эски топтун адамдарын иштен бошотуп, аларды Абдулфаттах Бурхан сыяктуу адамдарга алмаштырганда элдин колдоосуна жетишти. Бирок, көчөлөрдө дале токтобой жаткан калктын басымы акыбетинде аскерийлерден жана жарандардан турган кеңеш түзүлө турган болду. Партиялардын басымы жөнүндө айтсак, мисалы, ал жердеги «Ихванул Муслимин» жамааты Кеңешти бардык саясий күчтөр менен келишүүгө чакырууда. («Ал-Жазира»). «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсы: «Аскерий Кеңештин саясий комитети козголоң өз максатына жетишине тоскоолдук кылууда», – деп айыптады. («Ал-Жазира»). Бул саясий күчтөрдү түртүп жаткан күрөштүн экинчи тарабында Британия турат. Ал басым кылуу аркылуу Американы майдандан четтетүү үмүтүндө жүрөт, эгер, муну ишке ашыра албаса, эч болбогондо бийликте бирер мансаптарга шерик болмокчу. Ошентип, Сисий жана анын разведка кызматынын башчысы Судан разведка кызматы менен жолугушту. («Арабийя хадас»). О.э. Сисий Мисир Суданды толук колдоп-кубаттоого ар дайым даяр экени жөнүндө билдирүү берди. («Арабийя хадас»). Ошол эле учурда, Саудия да Суданга жардам көрсөтүүдө.
Алжир маселесине келсек, ал жерде күрөш курчуп бара жатат, бирок күрөш Британия менен Франция ортосунда курчууда. Алжирдеги күрөштүн кескиндиги Ливия жана Судандагыдай эмес. Өзгөчө, армия ичинде өз адамдарына ээ Франция өлкөдө жүзөгө келген алсыз абалдан пайдаланып, көчөнү жана армиядагы айрым командачыларды Англия таасирине каршы аракеттендирүүдө. Мындан мурун Англия Бутефликанын президенттик доорунда анын колу менен армиядагы Франция таасирине кызмат кылган командачыларды четтеткен эле. Ошондуктан, Франция армияда калган малайлары о.э. маалымат жана башка административдик мекемелер, «Маданият үчүн Митинг» партиясы жана «Азаттык кыймылы» партиясы сыяктуу ага көз каранды айрым партиялар аркылуу бийликтен бирер үлүшкө ээ болуу үчүн таасир өткөрүүгө, басым кылууга урунууда.
Америка Ливияда өз малайы Хафтарды күчтөнтүп, аны бийликке алып келүү үчүн колдоп-кубаттап жатат. Мындай абал мурун болбогон, Америка Сарражды колдоп-кубаттап келген Алжирдеги саясий боштуктан пайдаланып аракет алып барууда.
Ооба, Батыш мамлекеттеринин Исламий өлкөлөрдөгү күрөшү кызуу түс алып уланууда. Алар келишимдерге кол коюп, саясий айла-амалдарды уюштуруп, адамдарды алмаштыруу, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу бийликти алууга урунуп жатышат. О.э. колонизатор мамлекеттер аткаминерлерди камакка алып, соттоп, кийин аларды актоо сыяктуу сахна оюндарын алып барышууда. АКШ Мисирде элдин кыжырын тынчтантуу үчүн Хусни Мубаракты жана анын жан жөкөрлөрүн ушундай кылган. О.э. колонизатор мамлекеттер Мисирде болгондой коопсуздук кызматы аркылуу зомбулук уюштуруп, ушул аркылуу козголоңдорду бастырууга урунуп жатышат. Бирок, бул услуб башка арга калбастан, саясий иш-аракеттер натыйжа бербей калганда колдонулуп жатат. Судан Аскерий Кеңешинин башчысынын орун басары Хамидатий: «Кеңеш өлкөдө анархия болушуна таптакыр ыраазы болбойт жана анын милдети – өлкөнү коопсуздук жээгине аман алып чыгуу», – деди. («Ал-Жазира»).
Ошондуктан, Уммат окуялар, абалдар жөнүндө жакшылап ой жүгүртүп, коопсуздук жээгине аман жетүү үчүн өзгөрүү амалиятынын шаръий жана амалий жолуна чоң этибар бериши керек. Албетте, козголоңдор уурдалбашы үчүн Уммат белгилүү бир иштерди аткары зарыл. Бирок, ага чейин эски режим кайтып келбешин камсыздай турган кандай иштерди жасоо керек деген суроону ортого салабыз. Суроонун жообу мындай:
- Режимди адамдары жана дастурлары менен кошо, бүткүл вужуду менен бирге кетирүүнү талап кылуу керек. Т.а. жыландын куйругун эмес, башын алууну талап кылуу зарыл. Нааразылык демонстрациялар режимди жок кыла албайт. Бирок, бул демонстрациялар коомдук аң-сезимден келип чыккан коомдук пикирди пайда кылышы мүмкүн. Бул үчүн Исламды курулай ураан эмес, балким Исламды акыйдага жана түзүмгө ээ чыныгы ойгонуу долбоору катары көтөрүп чыккан аң-сезимдүү жетекчиликти ээрчүү керек. Демонстрацияларда мына ушундай аң-сезимдин пайда болушунун өзү гана абалды өзгөртүп жибербейт. Анткени, малай режимдер абалды өзгөртүүгө жол бербейт, болгон аракетин ишке салып, коопсуздук күчтөрүнүн жардамында каршы турат. Бул коопсуздук күчтөрү өзгөрүү алдындагы негизги тоскоолдук болуп эсептелет. Ошондуктан, коомдук аң-сезимден келип чыккан коомдук пикирди пайда кылууга кошумча, күч-кубат ээлерин Исламдын пикирлерине, дастуруна жана долбооруна аң-сезимдүү түрдө ишендирүү зарыл. Мына ошондо бул нерсе бизди Расулуллах ﷺ жүзөгө чыгарган өзгөрүүгө алып барат. Бул үчүн ушул үч абал болушу шарт:
а) Ислам өкүмдөрүн аң-сезимдүү түшүнгөн уюм болушу шарт;
б) Бул уюм ушул коомдук пикирге жетүү үчүн эл жана акимдер менен пикирий жана саясий күрөшкө кириши шарт;
в) Армия жана полициядан турган о.э. бул улуу мафкуранын коопсуздугун камсыздай турган күч-кубат жана нусрат ээлери аркылуу бийликти алуу шарт.
- Өзгөрүү иш-аракетин алып барып жаткандардын багыты, көз карашы ушуларга негизделиши керек, Ислам башкарууга келгенде азык-түлүк жана жакшы жашоону камсыздап берсе да, маселе азык-түлүк жана жакшы жашоо маселеси эмес, маселе – Исламдын дүйнөнү башкарышы. Аллах Таала айтат:
وَأَلَّوِ اسْتَقَامُوا عَلَى الطَّرِيقَةِ لَأَسْقَيْنَاهُم مَّاء غَدَقاً
«Эгер, алар туура жолдо турушканда, албетте Биз аларды сыноо үчүн мол жаан менен суугармакпыз» [72:16]
О.э. маселе технократиялык өкмөттү түзүү эмес, жарандык өкмөт да эмес, Аллахтын каарына туш кылган капитализм менен өкүм жүргүзгөн Өткөөл Кеңеш да эмес. Жок, масала – Аллахтын башкаруусу жана Аллахка кулдук кылуу:
وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ
«Мен жин жана инсанды Өзүмө гана кулдук кылуулары үчүн гана жараттым» [51:56]
Расулуллах ﷺ айтат:
«مَوْتٌ فِي طَاعَةِ اللهِ خَيْرٌ مِنْ حَيَاةٍ فِي مَعْصِيَةِ اللهِ»
«Аллахка күнөөкөр болуп жашоодон көрө Аллахка итаат кылган абалда өлүм табуу артык». Демек, Аллахтын шариатын толук өкүмдар кылуу менен эки дүйнө азиздигине жана күч-кубатка жетишебиз.
Эгер, Уммат бүгүн региондо курчуган окуяларды жана кандуу күрөштү аң-сезимдүү түшүнүп, аларды улуу Ислам шариаты негизинде чечип албаса, бул абдан үрөй учурган жамандыкка алып барат. Бул кырдаалда Уммат колонизатор кафирдин жана анын жуундукор режимдеринин курманына айлануусу мүмкүн. Ушул орунда биз ар дайым айтып келген, табигый суроону беребиз: өзгөрүү жасалма эмес, чыныгы өзгөрүү болушунун кепилдиги барбы? Ар кандай тизгиндөөгө жана айла-амалга кириптер болбой турган түпкү өзгөрүүгө кантип жетебиз? Шек-күмөнсүз, буга жетүүнүн бир гана жолу бар т.а. мактоого ылайык түрдө Аллахка кайтсак гана жетебиз. Бул үчүн рошид Халифалык мамлекети деп аталган кубаттуу мамлекетти тикелеп, анын саясында Исламды толук колдонуубуз керек. Негизи, алдыда бул мамлекеттин таңы ата баштаганы көрүнүп калды, инша Аллах.
Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15–май.