Казакстанда оппозициянын концепциясын колдогон адамдар “жихадка чакырган” деген айып менен камалды.

347
0

Казакстанда оппозициянын концепциясын колдогон адамдар “жихадка чакырган” деген айып менен камалды.

Казакстанда Алматы шаардык соту 20-майда «куралдуу жихадга чакырык ташташкан» деген айып менен үч адамды эркинен ажыратты. А. Жумагулов менен О. Омыров сегиз жылга, К. Абишев жети жылга эркинен ажыратылды.

Айыптоочулардын версиясына караганда, 2017-жылдын жайында Алмат Жумагуловдо террорчулукка үгүттөө, террордук актыларга ачык үндөө боюнча «жаман ойлор» пайда болгон. Алардын баскан-турганы, жолугушуулары жашыруун видеого тартылып, үндөрү жаздырылып турган.

Ал эми соттолгондор жана алардын адвокаттары бул видеолор монтаждалганын айтышууда. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында ишке негиз болгон видео бир катар күмөн саноолорду жаратат жана ал монтаждалганы тууралуу ишенимдүү далил бар дешүүдө.

О.э. Алмат Жумагулов оппозициячыл Мухтар Аблязов түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» уюмунун концепциясы купулуна толорун билдирип келген. 

Комментарий:

Эл аралыктан саясаттан алсак, жаңы колонизаторлор “экстремизм жана терроризм” шылтоосун кайсыл бир мамлекеттерди өз колониясына айландыруу үчүн колдонушат. Маселен, АКШ Ирак жана Афганистанга ушул шылтоо менен бастырып кирген. Ал эми эски колонизаторлор болсо, бул ыкманы өз колонияларында таасирин сактап калуу үчүн пайдаланууда.  Маселен, Кыргызстан жана Тажикстанда Россия өз аскерий базаларын сактап туруу үчүн, ал аймактарда ар дайым жасалма “терроризм” коркунучтарын жаратып турат.

Колонизаторлорго малай биздин режимдер болсо, “Экстремизм жана терроризм”ди өз саясаттарынын күзүр картасы кылып алышты. Тагыраак айта турган болсок, режимдер жергиликтуу саясатта бул ыкманы каршылаштарын сындыруу үчүн жана элди Исламдан алыс кармоо үчүн колдонуп жатышат. Жогорудагы жанылык буга жаркын далил.

Али Мауранахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here