«Кылым келишими» өлүк туулат, эгер өлүк туулбаса, ийгиликсиздикке учурашы анык

520
0

«Кылым келишими» өлүк туулат, эгер өлүк туулбаса, ийгиликсиздикке учурашы анык

«Рейтер» агенттиги хижрий 1440-жылы 17-шаъбан, миладий 2019-жылы 23-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Президенттин кеңешчиси Жаред Кушнердин айтымында, рамазан айы аяктаган соң июнь айында АКШ президенти Дональд Трамптын яхудий вужуду менен Фалестина ортосундагы кыйын абалды чечүү жана талаштын чечимин табуу жөнүндөгү планы жарыяланат.

Трамптын күйө баласы Кушнер ушул пландын авторлорунун бири болуп, ушул билдирүүнү Вашингтондогу «Time» журналынын форуму учурунда айтты, пландын деталдарын ачыктаган жок».

Роя гезити:

Трамп администрациясы өзүнүн региондогу пландарына тоскоол болуп жатканы үчүн Фалестина маселесин чечүүгө урунуп жатат. Ал яхудий вужудунун коопсуздугун өзүнүн көз карашы негизинде камсыздоого жан үрөп аракет кылууда. Бирок, анын ушул «Кылым келишими» планы – кандай болбосун – ийгиликсиздикке учурайт, инша Аллах. Мунун бир нече себептери бар:

Биринчиден, АКШ администрациясы бул маселени «жалтылдатып», кудум соода-сатык маселесине окшотуп койду. Акыйкатта болсо, АКШ администрациясынын мындай аракети маселени дагы да татаалдатат жана эч бир чечимге алып барбайт. Ондогон жылдар аралыгында америкалык ири саясатчылар ишке ашыра албаган нерсени, аңкоо президент менен анын саясий көр күйө баласы ишке ашыра алат беле?!

Экинчиден, Фалестина маселеси Ислам Умматынын акыдавий маселеси. Сакафий маданиятка ээ бул Уммат өз өлкөсүнүн бир сөөм жеринен да баш тартышы мүмкүн эмес. Ушундай болгон соң, Расулуллах Aдын Исро жайы жайгашкан өлкөдөн кантип баш тартсын?! Ошондуктан, малай акимдер канчалык чегинишсе да, кафирлерге моюн сунуп, ыраазы болушса да Фалестинанын Куддусунан, Аскаланынан, Сафадынан жана Талли Абибинен исламийлик сыпатты сууруп алууга Трамп келишими да кудуреттүү эмес, Араб мамлекеттеринин демилгеси да жана башкасы да кудуреттүү эмес…

Үчүнчүдөн, колонизатор Батыш мамлекеттери бир нече он жылдар аралыгында Фалестина маселесинин чечимин табууга урунушту. Яхудий вужуду колонизатор мамлекеттердин Умматтын жүрөгүнө сайган уу найзасы болгондуктан, алар ар дайым анын коопсуздугун коргоп келишти. Бирок, алар тапкан чечимге ар дайым яхуд вужуду ыраазы болбой келет. Себеби, бул жийиркеничтүү вужуддун жетекчилери – мусулман өлкөлөрүнүн акимдери жана режимдери төмөндүккө барып яхудийлер менен тил бириктирип турганда – азыркы абалды ар кандай чечимден абзел деп билишүүдө. Исхак Рабин «тынчтык жараяны» деген нерсени ишке ашырууга көп урунду, бирок, анын тагдыры (яхудийлер тарабынан) өмүрүнө кол салуу менен аяктады. Бүгүнкү күндө яхудийлердин саясий майданы экстремисттерге жана солчуларга болуп көрбөгөндөй толгон.

أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِّنَ الْمُلْكِ فَإِذاً لَّا يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيراً

«Же алардын мал-мүлктөрү барбы? Ошондой болгондо да адамдарга кымындай жакшылык кылышпайт эле[4:53]

Төртүнчүдөн, окуялар ушуну ырастады, араб мамлекеттеринин акимдери менен яхудий вужуду ортосунда кол коюлган келишимдер бул калктарга кымындай таасир кыла албады. Ушул калктар бүгүнкү күнгө чейин Фалестинаны азат кылууга ынтызар болуп, яхудий вужудун баскынчы деп билишет. Бул вужудду аларга зордоп өткөрүүгө Кемп-Дэвид да, Вадий Араба да, Осло келишими да кудурети жетпеди. Ошондуктан, «Кылым келишими» кандай натыйжа беришине карабастан, вакиъде эч нерсе өзгөрбөйт, Трамп тарыхий, географиялык жана маданий боштукту толтура албайт. Айрыкча, бүгүн Умматтын аң-сезими өскөн, алар малай акимдерге каршы козголоң көтөрүү аркылуу Фалестинаны азат кылууга даяр турушат. Буга Алжир козголоңу ачык-айкын күбөлүк берүүдө.

Ушул жана башка себептерге таянып ушуну айтабыз, Аллахтын уруксаты менен, «Кылым келишими» өлүк туулат, эгер өлүк туулбаса, ийгиликсиздикке учурашы анык. Жогоруда айтылган пикирлерибизге карабастан, Умматтын жоопкерчилигинен АКШнын «Кылым келишими», «Эки мамлекет чечими» сыяктуу бардык-бардык чечимдерин ийгиликсиздикке учуратууга аракетке кылуу вазыйпасы сакит болгон жок. Уммат армияларынын жоопкерчилигинде бүткүл Фалестинаны баскынчы яхудийлердин ыпластыгынан азат кылуу аракети дале турат.

Роя гезити, №232, 2019-жыл, 30-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here