Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты нааразылык жүрүштөрүн уюштурду
Өткөн аптанын соңу жана бул аптанын башында Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын мүчөлөрү азат кылынган региондордогу Түркия патрулдарынын аракетин каралап, нааразылык жүрүштөрүн уюштурушту. Себеби, Түркия патруль аракети кылмышкер Асад режимине эл аралык жолдорду ачып берүүгө мүмкүнчүлүк жаратууда. Демонстрация жума намазынан кийин Халаб батышындагы Сахара шаарчасында башталды. Адамдар «Ушунча кыргындардан кийин дагы үзүр калдыбы?», «Кызыл сызыктарды басып өтүүнүн убагы келбедиби?» деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп чыгышты. О.э. Түркиянын жалганчы патруль кыймылына карата «Силер келерден мурда да башыбызга бомба жааган, келгениңерден кийин да жаап жатат. Ошондой болгон соң, силерден кандай пайда» деп айтылды. Ошол эле учурда, Идлиб түндүгүндөгү Карамат качкындар лагеринде да нааразылык болуп өттү. Ал нааразылык акциясында адамдар «Американы жана Батышты ыраазы кылуу жана жолдорго патруль коюу үчүн ушунча кан төгүлөбү?» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Идлиб түштүгүндөгү Ариха шаарында да ушул сыяктуу демонстрациялар болду. Демонстранттар түрк патрулдары канкор режим азат кылынган жерлерге кириши үчүн эл аралык жолдорду ачып берип жатканын каралашты, «Түрк режими биздин унчукпай туруубузду кепилдесе, орус режими биздин кыргын болуубузду кепилдөөдө» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Роя гезити, №232, 2019-жыл, 30-апрель.