“Борбор Азия мамлекеттери радикализм жана мажбурдуу экстремизмге каршы”
Бишкекте ушундай аталыштагы жыйын өтүүдө. Жыйынды Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) жана “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) аттуу эл аралык уюм демилгелеген .
КР ДИМКнын маалымат бөлүмү кабарлагандай, бул жыйындан радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча биргелешкен кеңешме топ түзүү максаты көздөлгөн. Жана дагы аймактагы “мажбурдуу экстремизмге” каршы күрөшүүдө пикир алмашуучу майданды түзүү максат кылынган
Бул иш-чарада Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ЖМКлар, бейөкмөт уюмдар катышууда.
Жыйын демилгечиси “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) эл аралык уюму АКШда негизделип, анын борбордук офиси Вашингтондо жайгашкан. “Мажбурдуу экстремизмге каршы күрөш” деген долбоор да ушул уюмдун демилгеси. Алар “мажбурдуу экстремизм” дегенде, негизинен, Исламга каршы күрөштү назарда тутушат. Бирок алар мындай карасанатайлыктарын адаштыруучу терминдер менен ороп коюшат. Али Мауранахрий