Абу Абу Зайд тарабынан берилген түйүлдүктүн жынысын аныктоо жөнүндөгү суроого жооп

634
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Менин суроом мындай: эмбрион (түйүлдүк) өстүрүү жараянында түйүлдүктүн жынысын алдын ала белгилөөнүн шаръий өкүмү кандай? Рахмат, Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Биринчиден: Түйүлдүктүн жынысын алдын ала белгилөө жөнүндөгү суроого жооп берүүдөн мурун жасалма түрдө уруктандыруу жөнүндө кыскача баян кылып өтөбүз:

Эр-катындын перзент көрүшүнө жолто болгон кээ бир абалдар бар. Бул абалдар яйцеклетка (аялдын жыныс клеткасы) сперматозоиддер (эркектин урук клеткасы) менен табигый түрдө уруктанышына тоскоолдук кылат. Мисалы, жатындын моюнчасы бүтөлүшү, же жатындын түтүгүнөн өтө алгыстык, же табигый уруктанууга жетиштүү болбогон сперматозоиддердин начар кыймылдоосу жана башка адистерге белгилүү себептер болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө медицина тармагындагы хазараттын жетишкендиги экстракорпоралдык уруктандыруу – «ЭКУ» (яйцеклетканы жатындан сырткарыда белгилүү бир шарттарда пробиркада уруктандыруу) мүмкүнчүлүгүн берет. ЭКУ учурунда аялдын денесинен яйцеклетка (суперовуляцияны стимулдаштырган «Кломид» сыяктуу препараттардын жардамында) бөлүнүп алынып, «in vitro» («пробирка ичинде») шартында жасалма түрдө уруктандырылат. Уруктандырылган эмбрион инкубатор шартында сакталып, 2-5 күн ичинде өстүрүлөт, андан кийин эмбрион андан аркы өнүгүүсү үчүн жатындын көңдөйүнө жайгаштырылат. Эгер, Аллах Субханаху бул уруктанган эмбриондон бала жаралышын тагдыр кылса, эмбрион жатындын көңдөйүнө жабышып, өсүп нутфага (кан), кийин түйүлдүккө айланат. Эгер Аллах Субханаху тагдыр кылбаган болсо, эмбрион өлөт жана жок болот.

Ушуга ылайык, шаръий өкүм төмөнкүдөй:

Эгер уруктандыруу табигый жол менен жүзөгө чыкпай жаткан болсо, анда, никеде турган эр-катын ЭКУ жолу менен перзент көрүүгө аракет кылышы жайиз. Себеби, бул дабалануу болуп эсептелет. Расулуллах A дарыланууга буюрат. Абу Давуд Усама Ибн Шурайктан риваят кылган хадисте Пайгамбар A мындай деген:

«تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلاَّ وَضَعَ لَهُ دَوَاءً غَيْرَ دَاءٍ وَاحِدٍ الْهَرَمُ»

«Дарылангыла, себеби, Аллах Азза ва Жалла бирер дартты берген болсо, албетте анын дабасын да берген, бир дарттын – өлүмдүн гана дабасы жок».

Бирок, мындай түрдөгү дарылануу эки шарт менен жайиз болот:

Биринчи: ЭКУ жараянында сахих никеде болгон эр-катындын уруктары колдонулушу керек. Рувайфаъ ибн Сабит Ансарийден риваят кылынышынча, Расулуллах A мындай дейт:

«لاَ يَحِلُّ لِامْرِئٍ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أَنْ يَسْقِيَ مَاءَهُ زَرْعَ غَيْرِهِ»

«Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген киши өзүнүн суусу менен жат эгинди суугарышы адал эмес».(Ахмад риваяты). Демек, аялдын яйцеклеткасын эринин гана уругу менен уруктандыруу жайиз.

Экинчи: ЭКУ процедурасы жана уруктандырылган клетканы аялдын жатынына өткөрүү – Батышта болуп жаткандай – эринин өлүмүнөн кийин эмес, тирүүлүгүндө болушу керек. Батыштыктар уруктандырылып тоңдурулуп коюлган яйцеклетканы аял каалаган убакта өзүнүн жатынына өткөрүшүндө эч кандай тоскоолдук, тыюу жок деп билишет. Аялдын эри тирүүбү же өлгөнбү, айырмасы жок! Исламда мындай көрүнүш адал эмес. Себеби, аял тирүү эри жок кош бойлуу болушу арам жана буга жаза белгиленген. Бул, эрсиз аял кош бойлуу болгондой зинанын бир түрү деп каралат. Ошондуктан, аял эрсиз кош бойлуу болсо, ал күнөөкөр саналып, арам жана чоң күнөөнү кылган болот. Буга Умар жана Али Gнун сөздөрү далил. Бир да сахаба Умар жана Алинин бул сөздөрүн четке какпаган. Акыйкатта болсо, бул маселе эгер сабит болбогондо сахабалар албетте аны четке кагат эле. Ушуга ылайык, бул маселе ижма болуп эсептелет.

Демек, эринин тирүү кезинде яйцеклетканы жатындын сыртында уруктандыруу, кийин аны аялдын жатынына өткөрүү жайиз. Ошентип «пробирка балдары» деген нерсе жогорудагы шарттар менен жайиз.

Экинчиден: түйүлдүктүн жынысын алдын ала белгилөө:

Илгертен бери адамдар өздөрүнүн балдарынын жынысын тандоого, каалабаганын болсо мүмкүнчүлүктөгү жолдор аркылуу жок кылууга урунуп келишкен.

*      Мисалы, жахилиятта адамдар согушта жардамчы болушу жана текти сактоо үчүн уул бала туулушун каалашкан. Ошондуктан, алар кыз балдарды тирүүлөй көмүп салышкан:

«Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлүтүрүлгөнү суралганда» [81:8-9]

 

*      Кош бойлуу аялдын курсагындагы нерсени сүрөткө түшүрүү мүмкүнчүлүгүн берген каражаттар пайда болгондон кийин, эгер түйүлдүк эр-катын каалабаган жыныста болсо, аны эненин курсагынан түшүрүп жиберүү үчүн аборттон пайдаланыла баштады.

*      Бул жерде башка эски ыкмалар да бар.

*      Учурда, айрыкча жаңы заманбап технологиялык жабдыктар өнүккөндө түйүлдүктүн жынысын тандоого тиешелүү изилдөөлөр пайда болду. Алардын эң көзгө көрүнгөндөрүнүн бири ушул эки жол:

Биринчи: Алар бул жолду жынысты тандап уруктандыруунун эң техникалык жолу деп айтышат. Бул жол пробиркада аялдын (X) хромосомасын эркектин (Y) хромосомасынан ажыратып алуу үчүн эркектин уругун текшерүүнү талап кылат т.а. хромосомалар ар түркүн ыкмалар менен адамдын денесинен тышкарыда ажыратылат жана бул үчүн медициналык техникалык аралашуу  зарыл болот.

Окумуштуулар ушул идеяны карманышат: адамга тиешелүү бардык белгилер 46 хромосомада камтылган, алардын экөөсү жыныска байланыштуу: X жана Y. Аял жынысынын хромосомасы XX менен, эркек жынысынын хромосомасы XY менен белгиленет. Ү-хромосома бир гана эркекте болот. Бала (түйүлдүк) атадан жана энеден бирден жыныстык хромосоманы алат. Аял балага X хромосоманы гана бере алат, эркек болсо X же Y хромосоманы берет. Ушуга ылайык, эгер яйцелетка X-хромосоманы камтыган сперматозоид менен уруктанса, анда аял жынысындагы түйүлдүк пайда болот, эгер Y-хромосома менен уруктанса эркек жынысында болот. Ушуга таянып, адистер X-хромосома сперматозоид менен Y-хромосома сперматозоидди бири-биринен ажыратып алышат, кийин түйүлдүк эркек жынысында болушун максат кылышса алдын ала аялдан алынган яйцеклетканы Y-хромосома сперматозоид менен, эгер аял жынысында болушун каалашса X-хромосома сперматозоид менен уруктандырышат.

Экинчи: бул ыкма аз гана айырмасы болбосо, жогорудагы биринчи ыкмага окшойт. Бул жол пробиркада яйцелеткаларды уруктандыргандан кийин ишке ашат. Яйцеклеткалар уруктандырылгандан кийин текшерилип көрүлөт, XX менен уруктанган яйцеклетка аял жынысындагы, ал эми, XY менен уруктанган яйцеклетка эркек жынысындагы бала болот. Ошентип, ким уул баланы кааласа, анын жатынына XY менен уруктанган яйцеклетка жайгарылат, ким кыз баланы кааласа, анын жатынына XX менен уруктанган яйцеклетка жайгарылат. Бул эки жол максат жагынан бири-бирине окшош. Болгону, биринчисинде уруктандыруудан мурун сперматозоид текшерилип көрүлөт жана Ү-хромосома Х- хромосомадан бөлүнүп алынат, экинчисинде болсо, уруктанган яйцеклетка т.а. «эмбрион» текширилет жана ушундан кийин эркек жынысындагы эмбрион аял жынысындагы эмбриондон ажыратып алынат.

Адамдын байыртадан бери төрөлө турган баланын жынысын тандоого тиешелүү аракеттери мына ушулар.

Суроо боюнча вакиъ изилденип түшүнүктүү болгондой кийин шаръий өкүмдү төмөнкүдөй баян кылабыз:

а)   Күтүлбөгөн, кааланбаган бөбөктү өлтүрүү – арам. Себеби, ал бир жанды атайын өлтүрүү болуп эсептелет. Анын Акыреттеги жазасы – тозокто түбөлүк калуу.

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы жаханнам болуп, ошол жайда түбөлүк калат. Дагы ал Аллахтын казабына жана каргышына дуушар болот, Аллах ал үчүн чоң азапты даярдап койгон»                                                                                                 [4:93]

 

Анын бул дүйнөдөгү жазасы болсо – канын төгүү менен өч алуу т.а. өлтүрүлгөндүн валийи кечирбесе же дия албаса – өлтүрүү.

б)   Эненин курсагындагы түйүлдүктү – ата-эне каалабаган болсо, мисалы, түйүлдүк кыз болсо, ал эми, ата-эне уул болушун каалагандагы – өлтүрүүгө келсек, ал да арам жана ал үчүн жаза белгиленген. Бухарий жана Муслим Абу Хурайра аркылуу ушул хадисти риваят кылды, лафз Бухарийдики: «Хузайлдан эки аял бири-бири менен урушуп, бири экинчисин таш менен согуп, аны жана курсагындагы нерсесин өлтүрүп койду. Ошондон кийин (туугандары) Расулуллах Aдын алдына өкүм үчүн келишти. Расулуллах A анын түйүлдүгүнүн диясын бир жакшы кул же чөрү деп өкүм кылды».

в)   Эркек жынысын же аял жынысын тандап алуу үчүн яйцеклетканы уруктандырууда сперматозоиддердин Х жана Ү хромосомаларын бири-биринен бөлүү же уруктандырылган эмбриондордун эркек жынысындагыларын аял жынысындагыларынан бөлүү, андан кийин тандалган жыныстагы эмбрионду аялдын жатынына жайгаштыруу – булардын баары жайиз эмес. Себеби, бул иштер дабалануу эмес т.а. кош бойлуу боло албай жаткан аял кош бойлуу болуу үчүн аткара турган дабалануу болуп эсептелбейт. Башкача айтканда, аялдын яйцеклеткасын табигый жол менен эринин сперматозоиди менен уруктандыруу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан пробиркада яйцеклетканы уруктандыруу үчүн аракет кылынган дарылануу эмес. Бул иштер эркектик жана аялдык хромосомаларды камтыган сперматозоиддерди бири-биринен ажыратып алуу же эмбриондорду бөлүп алуу саналат жана табигый жол менен кош бойлуу боло албаган аялдардын дабалануусу болуп эсептелбейт. Бул иштерди авратты ачпай жана көрсөтпөй аткаруу мүмкүн эмес. Себеби, аялдын яйцеклеткасын бөлүп алуу жана аны аялдын жатынына жайгаштыруу үчүн авратты көрсөтүүгө туура келет, негизи, авратты көрсөтүү арам. Бул арам (авратты көрсөтүү) дарыланууда гана жайиз болот, андыктан бул амалдар дарылануу саналбаган соң, демек, алар арам болуп, таптакыр жайиз эмес.

Сөзүмдүн аягында ушуну айтмакчымын, Аллах Субханаху:

«Оку! Сенин Роббиң (адамзатка) калемди (жазууну)үйрөткөн өтө берешен Зат. Ал Зат инсанга анын билбеген нерселерин үйрөттү»                                                            [96:3-5]

 

деп айткан илимди шарият өкүмдөрүнө ылайык жакшылыкка иштетүү мүмкүн жана бул себептүү ушул илим ээсине ажр-сооп берилет. О.э. аны жамандыкка да иштетүү мүмкүн, мында илим ээси күнөөкөр болот жана акыбетте кыйроого жүз тутат. Батышта болуп жаткандай тектин башаламан аралашуусун, спермаларды, яйцеклеткаларды тоңдуруп коюуну жана эмбрион банктарын… алардын сатылышын… көрүп чачың тик турат. Аллах Субханаху бул карасанатайлар жөнүндө абдан ырас айткан:

«Алардын дилдери бар го, аңдап сезе алышпайт, көздөрү бар го, көрө алышпайт, кулактары бар го, уга алышпайт. Алар кудум үй айбандары сыяктуу, алар (акылсыздык, түшүнбөстүк) жагынан үй айбандарынан да төмөн. Дал ошолор акыйкаттан бейкапар калган кимселер»                                                                                                                                     [7:179]

 

Аллах Субханаху бул аалам жөнүндөгү илимдерди берди жана инсанды ал билбеген нерселерин үйрөттү. Аллах ыйман келтиргендердин ыйманын бекемдөө үчүн жана кафир болгон кимселер кор болуп, бул дүйнөдө шерменде, Акыретте болсо оор азапта болушу үчүн инсанга акыл, пикирлөө жана түшүнүү кесиеттерин берди.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта

10сафар, 1435х.

 13декабрь, 2013м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here