Тажикстан өкмөтү чет өлкөлөрдөгү диний медреселерде билим алып жаткан тажикстандык студенттерди өз мекенине кайтаруу аракетин күчөттү.
Тажикстандагы президенттик админстрациянын диний ырасымдарды жана каада-салттарды тартипке салуу комитетинин төрагасы Абдулхалик Абдурахимовдун кабар беришинче, Пакистан, Саудия жана Мисир сыяктуу чет мамлекеттердеги исламий университеттер жана медреселерде билим алып жаткан тажикстандык 2705 студент мекенине кайтарылган. Абдурахимовдун айтымында, бул иш-чара жаштардын диний экстремисттик топторго кошулуп кетишинин алдын алуу максатында ишке ашырылууда.
Комитеттин жетекчиси Абдулхалик Абдурахимов журналисттер менен өткөргөн маалымат жыйынында, Тажикстандын жаштарынан 169 адам Мисир, Яман, Ливия, Пакистан жана Саудия мамлекеттеринде туруктуу жашап калгандыгын билдирип, алардын үй-бүлөлөрүнөн өз перзенттерин мекенге чакырып алышын талап кылды.
О.э. Абдурахимов Тажикстандагы ата-энелерден өз перзенттерин Пакистан жана араб мамлекеттериндеги исламий университеттерге жибербестикти сурады. Ал жаштардын “террористик” жана “экстремисттик” топторго мүчө болуусу дал ушул билим берүү мекемелеринде баштала тургандыгын баса белгиледи.
Тажик өкмөтүнүн чет өлкөдө билим алып жаткан студенттерди артка кайтара баштаганына көп болгону эч кимге сыр эмес. Эксперттердин айтымында, Мисирдеги кырдаал тажик өкмөтүн бул ишке олуттуу кароого мажбур кылган болушу мүмкүн. Себеби, Мисирде студент жаштар дүйнөнүн көз алдында Мисир өкмөтүн оор абалга түшүрүп коюуда.
Туркистон: Тажик өкмөтү эле эмес, исламий өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы ушул проблеманы алгачкы орунга коюп, Араб өлкөлөрүндө билим алып жаткан студенттерге жаман мамиледе болушууда. Өз перзенттерине карата алардын бардыгында теӊ өзгөрүп жаткан бул мамилелер куфр кеңешчилеринин көрсөтмөлөрү негизинде жүргүзүлөт. Мурда ошол өлкөлөрдүн окуу жайларына мамлекет өзү баш болуп студенттерди жиберет эле. Ко-ош эмне өзгөрдү.
Көӊүл бурсак, Шам өлкөлөрүндөгү исламий ойгонуу аракеттери бүтүндөй регион мусулмандарын козгоп жиберди. Алар БУУга караштуу ЮНЕСКО сыяктуу уюмдар аркылуу Жакынкы Чыгыш үчүн түзүп берген исламий окуу программалары, учурда өздөрү үчүн коркунуч туудуруучу багытка айланып барууда. Абалга караганда, эми алар бул программаларды жаӊылай албайт. Мурда муътадил мусулмандарды тарбиялоочу аалымдарды чыгаруу жана алар менен радикалдык исламий кыймылдардын ортосун ажыратып берүүгө кызмат кылуучу таалим программасы, учурда Ислам идеологиясы негизинде аракеттенип жаткан, Халифалыктан башка түзүмдөрдөн баш тартып жаткан жана Ислам байрагы астына бүт мусулмандарды чакырып жаткан кыймылдан катуу таасирлене баштады. Эми бул программанын куфрга пайдасы тийбейт. Эми алар түзгөн бул программа чыныгы исламий болуп кетет.
Ошондуктан, куфр бүт дүйнөдөгү малайларына жаңы көрсөтмө берди. Рахмондун кылып жаткан аракеттери мурун да, азыр да мына ошол куфр кызыкчылыктары менен ылайыкташкан абалда жүрүп жатат. Куфр эл аралык системасы Шамды колдон чыгарды. Ал эми дүйнөнүн башка өлкөлөрүн Ислам идеологиясынан балкып чыгуучу системадан сактап калуу аракетине түштү.
Абдураззак: