Жаңы Зеландия кыргыны артында турган чыныгы кылмышкер ким?!

404
0

Жаңы Зеландия кыргыны артында турган чыныгы кылмышкер ким?!

Жаңы Зеландия кылмышкери жарыялаган манифесттеги сөздөр этибарымды тартты, андан мусулмандарга карата жек көрүүңүз барбы деп суралганда, минтип жооп берди: «Өздөрүнүн өлкөсүндө жашап жаткан мусулман жана муслималарга, жек көрүүм жок. Бирок, биздин өлкөлөргө казат кылып, жерлерибизде жашоону каалаган мусулман-муслималарды жактырбайм (жактырбайм сөзүн иштетип жатат). Мен жек көргөн мусулман – бул биздин улуттан болуп, Исламды кабыл алган мусулман (бул жерде жактырбашын эмес, жек көрүшүн айтып жатат). Себеби, алар биздин мурасыбызды жана маданиятыбызды чанып, өз улутуна кыянаттык кылышууда. Ооба, мен ушуларды жек көрөмүн». Ал өз манифестинде «казат» кылгандарды – иммигранттарды жана «саткындарды» т.а. Ислам динине киргендерди түп-тамыры менен курутуп жок кылууга көп ирет чакырган.

Бул кимсенин жообу Батыштын жана Батыш жетекчилеринин жек көрүү психологиясын түшүнүп алуубузга жол ачты. Алар ондогон жылдар эмес, а түгүл, кылымдардан бери өз калктарын Исламды, мусулмандарды жана аларга байланыштуу бардык нерселерди жек көрүүгө үндөп келишти. Биз ушуну жакшы билебиз, Ислам «لاَ إكْرَاهَ فِي الدِّينِ динге мажбурий киргизилбейт» деген эрежеге негизделген. Мусулмандар кылымдар бою эч кимди Аллахтын динине кирүүгө мажбурлашпады. Муну достон да, көбүрөөк душман жакшы билет, буга тарых күбө. Себеби, кайрымусулман калктар мусулмандардын арасында тынч-аман жашап келишкен. Өз-өзүнөн суроо пайда болот, Батыш перзенттеринин мындай жек көрүүсүн кандай түшүндүрүү мүмкүн, деги, Испания чиркөөсүнүн инквизициясынын курманы болгон яхудийлер кайдан башбаанек табышты, мусулман өлкөлөрүнөн эмеспи?!

Анан, бул кылмышкер кимсе, эмне үчүн адамдар Исламды кабыл алып жатышат деп өзүнө суроо берип көрсө болбойт беле?! Эгер, ал жана ага окшогондор калыс болушса, капиталисттик илманий дин туура акыйдага жана күчтүү далилге таянган дин деп эсептешсе, анда эмнеге адамдар бул ишенимди таштап, Исламды кабыл алып жатканы жөнүндө ой жүгүртүп көрүшсүн! Т.а. адамдар мусулмандардын начар абалда экенин, алар өзүлөрүн «акылдуу» бомбалардан жана ракеталардан, кылмышкер акимдердин разведкасынан коргой албай жатканын билип туруп, Исламды кабыл алышууда. Андан тышкары, Батышка көз каран болуунун кишендерин үзүүгө жана Батыш цивилизациясына кул болуудан кутулууга чакырып жаткан мусулмандардан өч алууда акимдер бири-бири менен жарышууда. Мусулмандардын мына ушундай абалына күбө болуп туруп, батыштыктар эмнеге Исламды кабыл алып жатышат?! Ооба, аларда аз болсо да калыстык болгондо өздөрүнө ушундай суроолорду беришмек. 2001-жылы 20-сентябрда конгрессте сөз сүйлөгөн Жорж Буш суроо берип, мындай деген: «Эмнеге алар бизди жек көрүшөт. Себеби, алар цивилизациябызды, эркиндиктерибизди жана шайлоо укуктарыбызды жек көрүшөт, мына ушул көрүнүштү жаман көрүшөт».

Ооба, алар ушинтип бизди кыргын кылып жатышат жана жаназаларыбызга барышууда! Буш жана анын командасы Саддам Хусайнды жок кылып, Иракты башка мамлекеттерге үлгү болчу демократиялык мамлекетке айлантабыз деп ойлошту. Акыйкатта болсо, «Абу Гурайб», «Гуантанама» жана «Баграм» түрмөлөрүндө өздөрү жасаган шерменде кылмыштарын бүткүл дүйнө көрдү. Колония кылынган калктардын канын ичип тойбогон, байлыктарын талап токтобогон капиталисттик маданияттын бети ачылды. Алар тарыхта кызыл түстүүлөрдүн массалык түрдө өлтүрүлүшкөн. Африка жана Азиядан тартып, кайда барышпасын, согуш чыгарып жергиликтүү элдерди өлтүрүшкөнү… Мисирдеги кылмышкер Сисийдин кылмыштарын алкыштап, Сирия канкору Башардын кылмыштарын жашырып жатканы бүткүл дүйнөгө маалым. (Европа жетекчилери жакында болуп өткөн Шармуш Шайх саммитинде Сисийдин жанында отуруудан уялышпады. Бул саммиттен бир нече күн мурун эч кандай кылмыш кылбаган мисирлик жигиттерге өлүм жазасы колдонулган болчу).

Ооба, Жаңы Зеландия кыргыны артындагы чыныгы кылмышкер – Исламга жана мусулмандарга каршы тукуруу саясатын жүргүзүп жаткан жана дүйнө бойлоп мусулмандарды жек көрүү заарын чачып жаткан Батыш жетекчилери. Трамп да алардын бири. Ал мусулмандарды Америкага киришине тыюу салуу зарылдыгын, бийликке келгенден кийин муну ишке ашырмакчы экенин президенттикке өз таларкерлигин көрсөткөндө эле айткан. Тигил Жаңы Зеландия кылмышкери Трамп жөнүндө, ал жетик саясатчы катары эмес, мусулмандарга каршы күрөштөгү менин үлгүлүү жетекчим деген. Муслима аялдарды жек көрүүсүн билдирген Британия премьер-министри да, «Биз иммигранттар аркылуу цивилизациябызды жаңылай албайбыз» деп сактыкка чакырган АКШ конгрессинин мүчөсү Стивен Кинг да, «Иммигранттардын агылып келип жаткандыктан ак түстүү америкалыктар жоголуп бара жатат, себеби, иммигранттар АКШ калкынын курамын өзгөртүп жиберишти» деген «Fox News» агенттигинин кабарчысы трампчыл Лора Энн Ингрэм да, баары Ислам жана мусулмандарды жаман көрүүдө Жаңы Зеландия кылмышкеринен калышпайт.

Көптөгөн европалык саясатчылардын оозунан ушул сыяктуу жек көрүү билдирүүлөрү айтылды. Мисалы, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан өзүн Европа цивилизациясынын коргоочусу катары көрсөтүп, Европада мусулмандардын улам көбөйүү коркунучуна каршы күрөшөрүн билдирди. Италия ички иштер министри, оңчул «Түндүк Лигасы» уюмунун мүчөсү Маттео Сальвини Италиядагы иммигранттардын коркунучуна басым жасап, коомчулуктун этибарын Наполиде 125 миң квадрат метр аянтка уулуу таштандыларды көмгөн кылмышкер мафия топторунан чалгытууга урунду. Италия сенатору Пьетро Грассо өкмөттүн кылмыштарын ачып, мындай билдирүү берди: «Өкүнүчтүүсү, Италия өкмөтү иммигранттар агымы бастырып келүүдө деп абалды ашыра көрсөтүп, аларга каршы күрөштү негизги вазыйпага айлантууда. Мунун ордуна, мафия сыяктуу баштапкы проблемаларга каршы күрөшүү зарыл болчу. Себеби, бул топтор жетекчилери байыгандан баюуда». («Гардиан» гезити, 2019-жыл 12-февраль).

Ошентип, Батыш саясатчылары өз коому башынан өткөрүп жаткан реалдуу проблемаларды жашыруу үчүн иммигранттарды «мокочо» кылып көрсөтүүдө. Бул болсо, Ислам жана мусулмандарды жек көргөн кээ бир кимселердин жүрөгүнө жол табууда.

Ислам бардык адамдарга хытаб кылып, бир акыйда негизинде ага-ини болуп жашоого даъват кылды, араб менен ажамдын ортосунда айырма жок экенин, таквалык менен гана айырма бар экенин баян кылды:

يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَىٰ وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек жана бир аялдан жараттык, бири-бириңер менен таанышууңар үчүн силерди элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте, силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар эң такваларыңар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар»[49:13]

Аллахым, Жаңы Зеландияда курман болгон мусулмандарды рахмат алгын жана баарына Иллиййинден жай бер.

Роя гезити, №226, 2019-жыл 20-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here