Саясий деңгээлдеги жана согуш майданындагы татаалданган Сириядагы кырдаалдын чечими

387
0

Саясий деңгээлдеги жана согуш майданындагы татаалданган Сириядагы кырдаалдын чечими

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб

Шек-күмөнсүз, эл аралык саясат өзүнүн чыныгы максатын жана ыплас ниеттерин жашырууга негизделген. О.э. анын максаты – Исламга бүтүндөй чекит коюу жана анын турмуш майданына кайра кайтышына жол бербөө. Түпкүлүгүндө, мамлекеттер Исламга каршы күрөштү муундан-муунга мурас катары калтырышат. Бул мамлекеттер бир өлчөөгө т.а. кызыкчылыкка гана таянат. Алар бул өлчөөнү кооз кагазга орошот, натыйжада көптөгөн кыска ойлуу кишилер алданат.

Биз бүгүн бир уюлдуу заманда жашап жатабыз. Чыгыш лагерь кулап, Советтер Союзу ыдыраган соң, дүйнөгө бир уюл өкүмдарлык кылууда. Мамлекеттердин саясаты ушул уюлдун т.а. Американын саясатынан чыга албай калды, же эч болбогондо Америкага каршы ачык коркунуч туудура албай калды. Америка өз саясатын жүзөгө чыгаруу үчүн бир нече куралдардан пайдаланды жана аларды бир канча терминдер менен жашырды. Бул фиръавндын ой жүгүртүүсүнө абдан окшоп кетет:

وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَى وَلْيَدْعُ رَبَّهُ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَنْ يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ

«Фиръавн айтты: «Мени койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Ал Роббисине дуа кылсынчы, ага нажат берер бекен. Чындыгында, мен (Муса) силердин диниңерди өзгөртүп жиберүүсүнөн же жер жүзүндө бузгунчулукту көбөйтүүсүнөн коркомун»                                               [40:26]

Америка чындыкты бузуп көрсөтүү үчүн көп ыкмалардан пайдаланды: «терроризмге» каршы согуш, адам укуктары, азаттык, адилеттик. Акыйкатта болсо, терроризмди башы жана адамдарды кулга айланткан – бул АКШ.

Теманы ушул кириш сөз менен баштоодон максад – Шам козголоңуна каршы айла-амалдын көлөмүн элестетүү үчүн зарыл. О.э. ушул айла-амалды башкарып жаткан Батыштын ой-пикирин таануу, колдонулуп жаткан куралдарды жана услабдарды аныктоо.

2019-жылы 14-февралда Сочи шаарында өткөрүлгөн саммиттин урааны чындыкты бурмалоодон турган. Кан төгүүнү токтотуу, тынч калкты коргоо, саясий чечим жана качкындарды өз өлкөсүнө кайтаруу сыяктуу кеп-сөздөр эл аралык коомчулуктун абийирин жапкан, чыныгы максатты жашырган жана чындыкты бузуп көрсөткөн парда болчу. Сочи саммитине катышкан мамлекеттердин абалына назар салсак, алар ар бири өз кызыкчылыктарын Американын Сирия чечими алкагында жүзөгө чыгарууну каалап жатканын көрөбүз.

Мисалы, Россия баткакка батып калганын билип турат. Ошондуктан, ал өз аброюн сактап калуу максатында мүмкүн болушунча тезирээк Сириядан чыгып кетүүнү каалоодо. О.э. ал Америка буга уруксат бербешин жана Сириядан жеңүүчү катары чыгышына жол бербешин билет. Дал ушул Америка Россияны Сирия маселесине тарткан. Жакынкы келечекте, башкача айтканда Американын саясий чечими толук ишке аша электе Идлиб үстүнөн өкүмдарлыкты кайра колго алуу жөнүндө сүйлөө мүмкүн эмес. Америка бүткүл дүйнөнү өзүнүн саясий чечимине мажбурлоодо. Ошондуктан, Россия Сирия маселесин аскерий жол менен чечүүгө жана өзү каалаган жол менен чекит коюуга кудуреттүү эмес. Бул бир тараптан.

Башка тараптан болсо, эл аралык коомчулук ушуну жакшы түшүнүп турат: Россия менен Ирандын колдоосу астындагы Асад режиминин куралдуу күчтөрү регионду аскерий амалияттар аркылуу көзмөлөгө алса, алар бул өкүмдарлыкты сактап кала албашын жакшы билет. Айрыкча, бүгүн ал жерде Сириянын бардык жайынан чогулган согушкерлер жана катардагы калк Шам тогутуна каршы турат. Адамдардын жүрөгүндө козголоң оту өчпөгөн, маселе режимдин колунан чыгып кетиши мүмкүн. Жер жүзүндөгү эч бир күч бул отту өчүрө албайт, Даръада жүз берген окуялар муну ырастап турат. Ошондуктан, Батыш Сирия түндүгүнө өкүмдарлык кылууда арзыбаган акчага сатылган топтордун жетекчилерине таянат. Батыштын назарында маселени көзөмөлдө кармап калуу жана аларды Американын саясатына кызмат кылдыруу үчүн эң ыңгайлуу каражат – топтордун жетекчилиги. Кандай болбосун зыян көрчү тарап – бул Шам калкы жана топтордогу анын перзенттери.

Өз кезегинде, Иран жөнүндө айтсак, ал Сирияда өз үлүшүө ээ болууну каалайт. Иран бир күн келип ал жерден чыгып кетишин билет. Ошондуктан, ал демографиялык курамды өзгөртүү үчүн аракет кылууда. О.э. Иранды ээрчигендер көпчүлүгү Сирия паспортун алышкан. Иран канкор Шам режимин сактап калууга аракет кылат. Иран бул жолдо Сирия калкын бүтүндөй кырып салууга да даяр.

Ал эми, Түркия режими үчүн эң маанилүүсү – өзүнүн коопсуздугун жана чегараларын коргоо. Россия 1998-жылы Адан шаарында Түркия менен Сирия режими ортосунда кол коюлган келишимге таянып Түркиянын тынчсыздануусун жайгарды. Адан келишимине ылайык «Түркия террорчуларды куугунтуктоо үчүн Сирия аймагына беш километрге чейин кириши мүмкүн», «Эгер Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарала турган болсо, ал зарыл болгон коопсуздук чараларын көрүшү мүмкүн».

Ошондуктан, Сочи саммити саммитте катышкан тараптардын кызыкчылыгын Шам калкынын кызыкчылыгынын эсебинен жүзөгө чыгарууга багышталганына күбө болуп жатабыз. Шек-күмөнсүз, бул саммит Американын Сириядагы чечимине тескери эмес. Америка конституциялык комитет түзүү аркылуу өз максатын ишке ашырууга аракет кылат. Келечекте ушул комитет мамлекеттин структурасын жана конституцияны белгилеп берет.

Ал эми, согуш майданында болуп жаткан окуяларга келсек, региондорго тынымсыз аба чабуулдары уюштурулууда, жырткыч кыргындар алып барылууда, топтордун жетекчилери болсо кол куушуруп турушат. Демек, жан берүүлөрдү талап кыла турган кийинки баскычка адамдарды даярдоо үчүн кан төгүүнү токтотуу деген парда артында адамдарга басым өткөрүү максат кылынууда. Басымды күчөтүү жана жан берүү кылмышын актоо үчүн айрым региондор режимдин көзөмөлүнө өтүшү мүмкүн. Ушул чындыктар астында турган Шам калкы эмне үчүн согушуп жатканын жана маселе үлкөн экенин түшүнүүлөрү керек. Себеби, алардын согушу өмүр же өлүм согушу, маселеси болсо тагдырий маселе. О.э. алар бул мамлекеттердин бири да аларга дос эмесин билиши жана аларды дос деп ойлоп, душмандын тузагына түшүп калбашы шарт. Себеби, бул анык өлүм. Алар согуштун акыйкатын түшүнүп, душмандарын таанып, согушта Аллахтын күчүнө таянышы о.э. Аллахка чырайлуу тобокел кылуулары керек. Андан тышкары исламий акыйдадан келип чыккан, Аллах ыраазы боло турган жана инсандар ойлоп тапкан долбоорлорго альтернатива болгон саясий долбоорду кабыл алуулары кажет. Мына ошондо Аллахтын нусратына жана колдоп-кубаттоосуна ылайык болушат. Ошондон кийин кубат ээлери эл менен бирге кылмышкер режимди кулатып, ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн аң-сезимдүү, калыс саясий жетекчилик астында биригишет. Алар ушул жол менен Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу Расулуллах ﷺдын башаратын жүзөгө чыгарышат. Бул иш Аллахка кыйын эмес.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here