Кашмир Индия зулуму менен Пакистан акимдеринин коркоктугу ортосунда
Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын расмий өкүлүнүн орун басары
Устаз Шахзад Шайх
Индия аба күчтөрү 2019-жылы 26-февраль күнү таңда Пакистан аба мейкиндигин үч жерден бузуп киришти. Пакистан куралдуу күчтөрүнүн коом менен байланышуу кызматынын билдирүсүнө ылайык, Индия учактары бир нече бомба таштап, качууга үлгүрүшкөн. Бул кабар абдан тез тарады. Саясий жана аскерий жетекчилик Индия аскерий учактарынын аман качып кетишине жол беришкени үчүн Пакистандагы мусулмандар абдан кыжырданышты. Ал тургай, мунун натыйжасында саясий жана аскерий жетекчилик Индия чабуулуна өз маалында жооп кайтарарын жарыялоого мажбур болду. Эртеси 27-февраль күнү Индия учактары басып алынган Кашмир аймагы аркылуу Пакистан аба мейкиндигин бузуп кирүүгө дагы урунду. Ошондо Пакистан аба күчтөрү эки Индия учагын атып түшүрдү, учактардын бири Пакистан тарапка түшкөн, кыжырданган жергиликтүү эл учкучту кармап алышты. Бул кабар да Пакистан мусулмандарынын алкыштоолору менен абдан тез тарады.
Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилиги бул чабуулга карата – кудум кылмыш кылган тарап Пакистан болуп, күрөштү Пакистан баштагандай – коргонуу позициясын тандады. Жетекчилик Индиянын мындай кылмышына таң калганын билдирип, өлкөнүн аба мейкиндигин коргоого гана чектелишин билдирди. Индия жетимиш жылдан бери Кашмирди басып алуу үчүн жырткыч согуш алып барып, кашмирлик мусулмандарды кыргын кылып, өч алып, намыстарына кол салып келе жатса да, Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилиги буга каршы күчтүү позицияны карманышпады. Жетекчилик баскынчы Индия күчтөрүнө каршы чабуул кылып, кырктан ашуунун өлтүргөн эр азаматтарды коргободу. Тескерисинче, бул жетекчилик Индия баскынчылыгына мыйзамдуу баскынчылыктай карап, ал эми, аларга каршы күрөшүп жаткан каршылык кыймылына мыйзамсыз кыймылдай мамиле жасады! Пакистан жетекчилеринин коркок позициялары себептүү Индия премьер-министри Моди Кашмирде жырткычтыктарды жасап жаткан Индияны курман катары көрсөтүп, ал эми, каршылык кыймылын кылмышкер катары көрсөтүүгө батынды!
Басып алынган Кашмир мусулмандары жана каршылык кыймылы мушриктердин баскынчылыгын күчсүздөнтүүгө жетишишти. Муну менен, эгер Пакистан аскерий аралашууну баштаса Кашмирди азат кылууга мүмкүн болгон ыңгайлуу шарт жаралды. Пакистан армиясы алдында каршылык кыймылын куралдантып, Кашмирди азат кылуудан башка чечим жок. Азат Кашмир 1947-48-жылдары Аллахтын Өзүнө тобокел кылуу жана душмандан таптакыр коркпоо менен азат кылынган. 1947-жылы жазында учурда азат кылынган Кашмирдин диктатор жетекчисине каршы козголоң башталган. Ошондо бүткүл Пакистандагы каршылык кыймылдарынын согушкерлери курал менен колдоп-кубатталган соң, алар эрдик менен согушуп Индия күчтөрүн кууп чыгарууга жетишишти, кийин 1947-жылы октябрда Равалпинди шаарында Азат Кашмир жана Жамму үчүн убактылуу өкмөт жарыялашты. Алар бүгүн коопсуз жашап жатышат. 1949-жылы БУУ Индия менен Пакистандын ортосундагы ок атууну токтотуу үчүн ортомчулук кылгандан бери басып алынган Кашмир калкы коопсуздук жана тынчтык эмне экенин билбей келет. Демек, залимге берилчү татыктуу жооп бирөө гана, ал да болсо, залимге күч-кубатты көрсөтүп коюу, тынчтык, сүйлөшүү, боорукеңдик жана нормалдаштыруу сыяктуу жооптор татыктуу жооп боло албайт.
Алхамдулиллах, Пакистан куралдуу күчтөрү басып алынган Кашмирди азат кылууга кудуреттүү жана бул жолдо курмандыктарды берүүгө ар дайым даяр. Бирок, анын колу тигил саясий жана аскерий жетекчилер тарабынан кишенделген. Бул жетекчилер Аллах Тааланы ыраазы кылуу эмес, Американы ыраазы кылууга аракет кылышууда.
Кашмирдин азаттыгы Индия күчтөрүнүн чабуулдары менен Пакистан жетекчилеринин коркоктугу ортосунда калууда. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленбесе, бул кырдаалды мусулмандардын пайдасына түптөн өзгөртүү мүмкүн эмес. Ошондо гана рошид халифа басып алынган Кашмирдеги мусулмандардын ый-муңуна жооп берип, Умматтын арстандарын чөөлөргө каршы күрөшүүгө жөнөтөт. Аллах Таала айтат:
وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудуреттүү жана ырайымдуу» [30:4-5]
Роя гезити