Жээнбеков cоттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырарын билдирди

389
0

Жээнбеков cоттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырарын билдирди

 Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү соттор реформа жүргүзүүгө тоскоолдук кылышууда деп эсептейт. Ал Кыргызстан сотторунун курултайында ушундай билдирүү менен чыкты.

Президент:  “Өлкөбүздө жүрүп жаткан олуттуу реформаларды ишке ашыруу — сот системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга барып такалды. Бир катар жакшы демилгелер соттордун адилетсиздигинен улам токтоп калган учурлар бар. Коомчулук, албетте, мындай кырдаалды кескин өзгөртүүнү катуу талап кылат, талап кылууда. Ошондуктан, соттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырабыз ”,  – деди.

 Ал кыйынчылыктарга карабастан сот реформасын “аягына чыгарарын ” билдирип: “Кандай гана реформа болбосун, кыйынчылык менен ишке ашат. Биз мындай оор реформаны алгачкы ирет ишке ашырып жатабыз”, – деди.

 О.э. Жээнбеков судьяларга хадистен бир мисал келтирип : “Пайгамбарыбыз “Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште” деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса, анын орду бейиште. Ал эми маселени билбей туруп өкүм чыгарган, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот деп айткан”, – деди.

О.э. “Бирок ушуну унутпайлы, бул өмүр кыска. Кийин Кудайдын астына барганда баарына жооп беребиз” деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here