Кытай Тажикстан менен кызматташтыгына мыйзамдуу түс берди

311
0

Кытай Тажикстан менен кызматташтыгына мыйзамдуу түс берди

Кытайдын Коргоо министрлиги Тажикстан менен аскерий кызматташтыгына басым жасады жана Афганистандын Вахан аймагындан Кытай аскерлери бар экендигин четке какты.

“Sputnik”сайтынын  кабарына ылайык, Кытайдын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы айлык маалымат жыйын өткөрүп, анда Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкка оң баа берди.  Анын айтымында, эки мамлекет ортосундагы аскерий алакаларга эл аралык түс берилиши шарт. “The Associated Press”  агенттиги Кытай Коргоо министрилигин маалымат катчысынын: “Эки мамлекет ортосундагы аскерий кызматташтыкка эки өлкөнүн тең аскерлери кызыкдар жана бул шериктик региондогу тынчтыкты кепилдейт”, – дегенин келтирди.

Мындан бир аз убакыт мурда, Кытай аскерлери Афганистандын Вах аймагында согушуп жатканы жөнүндө кабарлар тараган.   Бирок,  Кытайдын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы бул кабарда четке кагып: “Кытайдын андай ниети жок”, – деди.

Кытай коргоо министрлигинин маалымат катчысы Тажикстан менен кызматташтык тууралуу кеңири маалымат бербеди, бирок, “Вашингтон пост” Тажикстандын Бадахшан облусунун чыгыш бөлүгүндө кытайлык аскерлер бар экендиги жана олуттуу аскерий машыгууларды өткөрүп жатканы жөнүндө кабарлаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here