Кей Бейли Хатчисон: Россияны айыптагыла

377
0

Кей Бейли Хатчисон: Россияны айыптагыла

АКШнын НАТОдогу өкүлү Кей Бейли Хатчисон: “Эгерде Россия менен АКШ ортосундагы Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими бузулса, анда бул үчүн Россияны айыпташ керек”, – деп эсептейт. Ал “The New York Times” үчүн жазган макаласында ушундай деген.

 Аталган басылмада Кей Бейли Хатчисондун “Эгерде Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими бузулса – Россияны айыптагыла” деген темадагы макаласы жарык көргөн.

Анын билдиришинче, Россия көптөн бери Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишиминде тыюу салынган ракеталарды жайгаштыра баштаган. Ал мындай ракеталарды иштеп чыгуу 2000-жылдын орто ченинде башталган деп эсептейт. Эгерде Россия аталган келишимдин шарттарын аткарбаса, анда АКШ алты айдын ичинде бул келишимден чыгып кетет деп айтылат материалда.

Кей Бейли-Хатчинсондун жазышынча, АКШнын мурдагы коргоо министри Роберт Гейтс өз мемуарларында ошол кезде россиялык кесиптеши Сергей Иванов менен биринчи жолугушуусунда Сергей Иванов Россия бул келишимден чыгууну каалап жатканы жөнүндө маалым кылганын билдирген.

Россиядан айырмалуу түрдө, АКШ ракеталар боюнча келишим жана курал-жарактар үстүнөн көзөмөл боюнча эл аралык милдеттенмелерди толук аткарууда деп жазат. Бейли Хатчисон Кремль келишимди аткарууга кайтып келишинен жана анын талаптарына жооп бербей турган 9М729 ракетасын жок кылышынан үмүттөнгөнүн билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here