АКШ конгрессмендери чек ара боюнча макулдашууга жетишти

288
0

АКШ конгрессмендери чек ара боюнча макулдашууга жетишти

АКШ Конгрессинин өкүлдөрү 11-февраль күнү кечке созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жаңы “шатдаун”дан кутулуу жолун табышты. Бул тууралуу республикачылар партиясынан сенатор Ричард Шелби билдирген.

Сенатордун айтымында, республикачы жана демократтар чек араны бекемдөө программасын каржылоону 30-сентябрга чейин кечиктирүү боюнча макулдашууга жетишкен. Бул жерде негизинен Мексика чек арасына курулуучу “Трамп дубалы” жөнүндө сөз болуп жатат.

Конгрессмендер сүйлөшүүдө эмнени талкуулашканы анык эмес жана майда-бараты кийинчерээк кабарланышы айтылган, бирок, атаандаш партиянын өкүлдөрү Мексика чек арасындагы дубалдын курулушун каржылоону кийинкиге жылдырууга макулдашканы божомолдонууда. Бул аркылуу саясатчылар күтүлүп жаткан жаңы “шатдаун” дун алдын алуудан үмүттөнүшкөн.

Бирок, келишимди Дональд Трамп да тастыкташы керек болот. Президент жакында өз тарапкерлери менен жолугушууда Мексика дубалы жөнүндө сөз кылып, “Биз бул дубалды албетте курабыз” деген. Трамп шайлоо алдындагы программасында мыйзамсыз мигранттар агымын токтотууга өзгөчө басым жасаган жана мигранттардын негизги багыты болгон Мексика менен чек арада дубал курулбаса, мыйзамсыз мигранттар агымын токтотуу мүмкүн эместигин айткан. Шайлоочуларга берген убадасын аткарышы керектигин белгилеген Трамп көпчүлүктүн нааразылыгына себеп болуп жаткан дубалды баарыбир кура тургандыгын көп жолу кайталаган.

22-декабрда демократтар Мексика чек арасындагы дубалды каржылоону 2019-жылдын бюджетине киргизүүдөн баш тартканы себептүү мамлекетте “шатдаун” жарыя кылынган. Башкача айтканда, 9 министрликтин 800 миң кызматкери айлыксыз калышкан. Алардан 380 миңи акы төлөнбөй турган эмгек өргүүсүнө чыгышса, калгандары акысыз иштөөгө мажбур болушкан. Эгерде конгрессмендердин макулдашуусун президент тастыктабаса, 16-февралдан жаңы “шатдаун” башталышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here