2018-жыл популизм жылы болду!
Анын себептери жана чечими кандай?
Акыркы жылдарда АКШ менен Европада ашынган оңчулдардын т.а. радикал жана улутчул кыймылдардын аракети күчөгөнү жана башка мамлекеттерге да таасир кылганы байкалды. Жада калса, бул улутчул кыймылдар Европанын Австрия жана Италия сыяктуу айрым мамлекеттеринде бийликке келишти, Германия, Франция жана Голландия сыяктуу башка мамлекеттерде болсо парламент курамына киришти. Жада калса, улутчул кыймылдардын Британиядагы таасири аны Европа Союзунан чыгууга үндөдү.
Улутчул кыймылдар Исламды жана чет элдиктерди душман, өзүлөрүнүн маданиятына жана экономикасына коркунуч деп билишет. Ошондуктан, Америкадагы Трамптын, Европадагы улутчул кыймылдардын иштери ушул эки элементке каратылган. Бул абдан жаман илдет болуп, ал мусулмандарга гана эмес, бүткүл адамзатка, жада калса өзлөрүнүн мамилелерине да жаман акыбеттерди алып келет. Анткени, бул илдет өзүн өзү жакшы көрүү, эгоизм, өз эркиндигин коргоп, башкаларды жек көрүү, аларды акараттап, өзүн жогору алуу сыяктуу жаман туйгуларды камтыйт. Мындай туйгуга ээ кимселерде нафсиге ээрчүү, сокур фанатизм, текебердик, башкаларга зомбулук кылуу, байлыктарын талап-тоноо сыяктуу туйгулар үстөм келет. Ошондуктан, Европадагы улутчул кыймылдар Европа Союзун ойрон кылууга урунууда. Анткени, бул Союздагы кубат булагы ушул илдетке негизделген, ар бири өз калкынын өздүгүн жана материалык жетишкендигин коргойт. Бир-биринен кооптонуп жашаган бул калктардын көпчүлүгү Германия менен Франциянын өкүмдарлыгынан кооптонушат.
Биз Трамп Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыкты ураан катары көтөрүп чыкканын, аны менен бир маданият жана баалуулукту кармангандар аны колдоп жатканын көрдүк. Белгилүү болгондой, бул нерсе Экинчи дүйнөлүк согуштан мурун Европада да пайда болуп, бул нерсе согуштун чыгышына жана Европанын ойрон болушуна алып келген. Ошондуктан, улутчулдук ушундай бир кооптуу илдет, аны түптөн жоюу зарыл.
Популизм жана улутчулдук уруучулук байланышынын кеңирээк формадагы көрүнүшү. Ал бако инстинктинин көрүнүштөрүнүн бири болуп, адамдар өзүлөрүнүн жалпы чөйрөсүндө ички проблемаларды сезгенде же өз барлыгына жана кызыкчылыктарына бирер коркунучту сезгенде козголот. Мындай абалда өкүмдарлыкты жакшы көрүү, башка калктардан жана улуттардан өзүн үстөм коюу туйгусу козголот. Ошондуктан, алар башка коомдорго өкүмдар болууга урунушат, акыбетте алардын ортосунда жаңжал чыгат. Улутчулдукта идеялык негиз болбойт, ал инстинкттин көрүнүшү гана. Андан түзүм келип чыкпайт жана анда проблемаларга чечим жок. Монголдор мына ушундай болушкан. Алар улутчулдук негизинде жырткычтык менен адамдарды кыргын кылып, жандуу-жансыз бардык нерсени кыйратышты. Капиталисттик системаны кабыл алуудан мурун Европада да ушундай болгон. Ушул туйгу негизинде европалыктардын ортосунда чыккан согуштар чар тараптын күлүн көккө сапырды. Алар кресттүүлүк согушунда исламий дүйнөгө кол салып, бүгүнкү күнгө чейин мусулмандарды кыргын кылып келишүүдө, байлыктарын талап-тоношууда.
Эгер, коом белгилүү бир идеяны кабыл алып, ошонун негизинде ойгонсо, бирок ушул идея улутчулдук туйгулары менен аралашып кетсе, анда бул идея улутчулдук маселесин чечпейт. Европа калктары капиталисттик системаны кабыл алышканда ушундай болду. Бул система улутчулдук маселесин чече албады. Ооба, европалыктар капитализмди, илманийликти т.а. динди жашоодон бөлүүнү жана демократияны кабыл алды. Демократия эл бийлигине, калк өзүнүн нафсисине карап мыйзам чыгаруусуна үндөйт. Акыбетте, ушундай ишенимдеги европалыктардын ортосунда үстөмдүк жана байлык үчүн күрөш башталды. Франция Наполеон жетекчилигинде бүткүл Европага жана дүйнөгө өкүмдар болуу үчүн согуш баштады. Бүткүл европалыктар башка калктарды колония кылууга урунушту, Африка, Азия жана Америкада калктарды ырайымсыз өлтүрүштү. Анткени, алар инсанийликти да билишпейт. Чоң жана ири согуштар, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштар башталды. Аларда миллиондогон адамдар набыт болду, үйлөрү ойрон кылынды.
Бүгүнкү күнгө келип, ушул европалыктар экономикалык проблемалар себептүү качып келген чет элдиктер кооп-коркунуч туудурат, алар жумуш ордуларыбызды тартып алышты, акыбетте кирешебиз азайып, жумушсуздук күчөп бара жатат деп ойлошууда. Бирок, акча, байлык миллиардерлердин капчыгына агып жатат, бул нерсени улутчулдар түшүнбөй жатышат. Алардын улуу мууну бул нерсени этибардан качырып, чет элдиктерден коркунучту көрүшүүдө. Европалыктар проблема кайда экенин түшүнүүнү каалабай жатышат. Проблема – ушул калктардын байлыктарын капиталисттер тартып алышканында. Европалыктар чет элдиктерден үлкөн нерселерди алышып, бирок чет элдиктер алардан эч нерсе албашын каалашууда. О.э. европалыктар чет элдиктер алардын өлкөсүнө эч кандай таасир кылбашын каалашат, бирок Европада өз динине бекем амал кылган мусулмандардын саны ондогон миллиондон ашканын көргөн соң, бул нерсе Европа маданияты үчүн коркунуч деп билишти. Алар чет элдиктер итааткөй кызматкер гана болушун каалашат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ушундай болгон. Ал убакта европалыктар өз заводдорун, талааларын, фермаларын иштетүү, кен байлактарды казуу жана шаарларды тазалоо үчүн жумушчуларга муктаж болушкан. Башка мамлекеттерден, өзгөчө, исламий дүйнөдөн – мусулман жаштары көп болгондуктан – жумушчу күчү тартылган. Бирок, европалыктар көпчүлүгү мусулмандардан турган бул жумушчулар Батыш мамлекеттеринде мекен таап жашаса да, бирок өз маданиятын сактап калышканына күбө болушту. Жада калса, европалыктар Батыш мамлекеттериндеги мусулмандар өз маданиятына бекем амал кылып жатышканын, алардын перзенттери, неберелерди да Исламды бекем карманып жатышканын көрдү. Мына ошондо европалыктар кооп-коркунуч коңгуроосун кагышты. Андан тышкары, мусулмандардын урпак-муун калтыруу ресурсу күчтүү, көпчүлүк мусулмандар Батыш маданиятына сиңишүүнү каалашпайт.
Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары менен токсонунчу жылдары ортосунда Европада социалисттик мафкуранын таасири сакталып турду. Анткени, Экинчи дүйнөлүк согушта нацизм жеңилгендиктен ашынган улутчулдук мафкура алсыз эле. Европада муътадил улутчулдук пикири көп жайылган болчу. Орточо оңчул деп аталган бул пикир менен социалисттик пикир «социалдык адилет» деген нерсеге ыраазы болушту о.э. улутчулдук жана мекенчилдиктин муътадил көрүнүшүн белгилешти. Эки тарап радикалдуу улутчулдукка жана радикалдуу социализмди жок кылууда кызматташты. Алар согуш пикирин четке кагып, тышкы саясатта өз ара келишишти. Натыйжада, Европа мамлекеттери ортосунда өз ара жакындашуу пайда болду, алардын бийлиги орточо оңчул же ашынган оңчул болобу, айырмасыз эле. Бул нерсе Европа Союзун түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Баса белгилөө зарыл, мусулмандар Европа коомуна сиңишүүнү четке кагышы ашынган оңчулдардын өнүгүүсүнө жана мусулмандарды опузалашына мүмкүнчүлүк жаратты. Алар мусулмандардан сиңишүүнү т.а. Европа маданиятын кабыл алууну талап кылышууда. Бирок, орточо оңчулдар жана орточо солчулдар ашынган оңчулдарды колдогондор үлкөн масштабда өсүшүн каалашпады. Анткени, алар орточо оңчул жана орточо солчулдардан турган муътадил партияларга коркунуч туудурушу мүмкүн. Муътадил партиялар коркутуп, кысым өткөрүп, бардык каражаттарды колдонуп мусулмандарды Батыш маданиятына сиңдире алышпагандан кийин ашынган оңчул кыймылдар күчөп өсүштү.
Ашынган оңчул кыймылдар муътадил партияларга коркунуч болду. Ошондуктан, орточо оңчул жана орточо солчулдардан турган бул муътадил партиялар мусулмандарды алдоого өтүп, аларды биргеликте ашынган оңчулдарга каршы күрөшүүнү сунушташты. Бул болсо, мусулмандарды Батыш коомуна сиңиштирүүнүн ыкмасы эле.
Ошондуктан, мусулмандар бул нерселерди аң-сезимдүү түрдө түшүнүп, Исламды бекем кармап, ага даъват кылып, социализм жана капитализм мабдаларын сындашы, улутчулдукка каршы күрөшүүсү шарт. Расулуллах A улутчулдукту ыплас нерсе деп сыпаттаган. Жалгыз Ислам мабдасы гана улутчулдук проблемасын чечкен, бардык калктарды Ислам казанында эритип бир кылууга жетишкен. Мусулмандар – Аллахтын уруксаты менен, жакындашып келе жаткан – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелешсе, ушул ийгилик шексиз кайтып келет.
Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.