Брексит долбоору боюнча Британиядагы референдумдун акыйкаты

340
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Брексит долбоору боюнча Британиядагы референдумдун акыйкаты

Суроо:

Британия парламенти 2019-жылы 16-январда Тереза Мэйдин өкмөтүнө ишеним көргөзүп добуш беришти. Анын өкмөтү кулап калган жок. «Британия өкмөт башы Тереза Мэй жалпы палатада оппозициялык лейбористер анын өкмөтүнө ишеним көргөзбөө сунушун бергенден кийин 306 добушка каршы 325 көпчүлүктүн добушуна ээ болуп, анын өкмөтү ишенимге ээ болду. Добуштун жыйынтыгы көргөзүп тургандай, консервативдик «Эскичил» партиянын жүзгө жакын мүчөөсү экинчи күнкү добуш берүүдө брексит келишимине каршы добуш беришкен. Үчүнчү күнү болсо Мэйдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөө сунушуна каршы добуш беришти». («Франц пресс», 2019.01.16.). Муну кандай түшүнсө болот?  Мэйдин партиясындагылардын жүзгө жакыны брексит долбооруна каршы добуш беришип оппозицияны колдоого алышты. Анын натыйжасында Мэйдин долбоору 432 көпчүлүк добушка каршы 202 азчылык добушка ээ болуп ийгиликсиздикке учурады. Кийин Мэйдин партиясындагы ушул эле жүзгө жакын мүчөлөрү Мэйдин каршылаштарына каршы добуш беришип Мэйдин өкмөтүн колдоого алышты. Бул ролду бөлүштүрүп бергендей эле түр жаратты. Кийин 2016 брексит долбооруна маакулдук берип, аны ишке ашырууга эки ай калганда аны кайра четке каккандыктары кандай?! Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Британия – өз максатына жетүүдө жана создуктурууда ыплас айлакерликтин чебери. Жооб түшүнүктүү болушу үчүн төмөнкү иштерге назар салып чыгабыз:

Биринчиден:

2016-жылы 23-июнда Британиядагы референдумдан кийинки 2016-жылы 5-июлда чыккан суроо-жообдо берилген жообго назарды бурабыз. Башкача айтканда, мындан эки жарым жыл мурда чыккан жообдо Британияда 2019-жылы 15-январда болгон референдумдан эмнелер күтүлүшүнө ишаараларды айтып өткөн элек:

  1. 2016-жылы 23-июнда Британияда ЕБде калуу же андан чыгуу тууралуу референдум болуп өттү. Анын жыйынтыгында шайлоочулардын 52%га жакыны чыгууга добуш беришти. Анын артынан эле Британия өкмөт башы Кэмерон кызматтан кетерин жарыялады жана анын өкмөтү үч ай мөөнөтүндө  калды. Кэмерон 2015-жылкы шайлоо кампаниясы учурунда, эгер ал шайлоодо ийгиликке жете турган болсо, бул референдумду өткөрүүнү убадалаган. Бул референдумду өткөрүү аркылуу Британия адаты боюнча ЕБдин ичинде өзгөчө макамга ээ болууну көздөгөн. Ошону менен бирге эле Британия ЕБден чыгуу үчүн референдум токтомун кабыл алуусу  менен ЕБди жана андагы мүчө өлкөлөрдү саясий, экономикалык баш аламандык болуусу мүмкүндүгү коркууга салды!
  2. Британия ЕБде өз кызыкчылыгына жетүү үчүн ЕБден чыгуу референдумун өткөрүү аркылуу коркууга салуу саясаты жаңы пайда боло калган саясат эмес. Ал тээ Британия Евро уюмуна кошулгандан бери эле келе жаткан саясат. Британия Европа экономикалык биримдигине 1973-жылдан бери мүчө. Британия ЕБде өзүнүн фунт стерлинг акча бирдигин сактап калды жана «шенген» аймагынан өзүн тышкары кармады. Бул эки нерсе Британия ЕБге мүчө болгонуна карабастан, ага өзгөчө макам алкагында калышына шарт жаратты. Британия ЕБ ичинде өзгөчөлүктөргө ээ болуп жашап кетүү алкагында ЕБдеги өлкөлөрдү шантаж кылуу максатында референдум пикирин пайдаланып келди. 1975-жылы Британия ЕБ ичинде болуу шарттарын жакшыртуу үчүн референдум өткөрдү. Анда британиялыктардын көпчүлүгү Европа экономикалык биримдигинде калууга добуш беришкен… Мына ушундайча азыркы учурдагыдай эле Британия өзүнүн саясий кызыкчылыгына жетүү үчүн, ал тургай, кара ниет кызыкчылыктарына да жетүү үчүн референду саясатын ишке салып келди! Консервативдик партия 2016-жылкы референдумда таң каларлык иштерди кылды, партия адамдары ЕБде калуу же андан чыгып кетүү тууралуу эки башка кампания алып барышты!
  3. Кэмерон жетектеген консервативдик партиянын референдум боюнча саясатына кылдат назар салынса, Кэмерон референдумдун жыйынтыгын чеке жылытарлык болот деп күтпөгөнүнө далалат кылат. Башкача айтканда, кайра кайтып калуу мүмкүндүгү үчүн кабыл алуу же албоо ортосунда туруу, же референдум чеке жылытаарлык жыйынтык бербесе ЕБ менен жаңыдан сүйлөшүү үчүн оорун калтыруу ортосунда турду. Ошондуктан, консервативдик партия өзү ЕБде калуу же андан чыгуу кампанияларын өзү жетектеп алып барды. Референдум маселеси аркылуу ЕБ тараптан Британияга карата кошумча мүмкүнчүлүктөрдүн берилишине шарт жаратыш аракетине караганда, бул эки кампания да анчалык аракет болгон жок. Ошондуктан, Британиянын жакынкы аралыкта ЕБден чыгып кетүү ишин тез арада ишке ашырышы күтүлбөйт. Тескерисинче, узак жылдарга созушу күтүлөт. Эгер, Британия чыга турган болсо, ал ыплас айлакерликтин чебери… Бул нерсе билдирүүлөрдө жана маалымат булактарындагы маалымттарда ачык эле көрүнүп турат… Ушунун баары референдумдун жыйынтыгын ишке ашыруунун создуктурулушуна ишаара кылат. Жада калса, 2016-жылдын 5-июлундагы референдумдун айланасында да айлакерлик иштетет». (цитата бүттү).

Экинчиден:

Азыркы болуп жаткан окуялар жогоруда айтып өткөнүбүздөй «референдум айланысында оюн» негизде бара жатат. Британия кара ниеттик менен болсо да өз кызыкчылыгына жетүү максатында референдум жыйытыгын ишке ашырууну создуктуру аракетинде. Ал төмөнкү иштерде көрүнөт:

  1. Мэй жалпы палатадан колдоо таппай ийгиликсиздике учурады. «Британия парламентинде өлкө таарыхындагы биринчи жолу көпчүлүк добуш менен ЕБден чыгуу келишимин четке каккан добуш берүү болду. Анда 432 депутат чыгууну четке каккан, 202 макул деген бобуш беришти. («Би-би-си», 2019.01.16.). Тактап айтканда бул добуш берүү, Британия келерки март айында 29 өлкө мүчө ЕБден чыгуу келишимин ишке ашырууну четке каккандыкты билирет. Чыгуу тууралуу адаттагы консервативдик талкуу дагы орун алган жок. Тескеирсинче, 118 консервативдик партиянын өкүлдөрү оппозицияга кошулуп келишимге каршы добуш беришти. «Бул Британия парламенти алдында Британия өкмөтү 1924-жылдан бери биринчи жолку чоң колдоо таппай калгандык жана азыркы учурдагы Британия өкмөтүнө карата Британия парламентинин эң жаман соккусу болду. («CNN arab», 2019.01.15.).
  2. Британия лейбористтик «Эмгек» партиясынын лидери Корбин  Британиянын ЕБден чыгуу келишими Британия парламенти тарабынан  кабыл алынбай калгандан кийин Терезе Мэйдин өкмөтүнө ишеним жаратпоо сунушун талкууга салгандыгын билдирди… Корбин мындай деди: «Бул өкмөт палатада ишеним тапкан жок. Сизге билдирип коёюн, урматуу жалпы палатанын спикери, мен өкмөткө ишеним көргөзбөө маселесин талкуулоо жөнүндө сунуш киргиздим. Анын эртең талкууланышы мени сүйүндүрдү». («RТ Аrab», 2019.01.15.). Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыгы Мэйдин пайдасына чечилди. Анткени, консервативдик партиянын «118» өкүлү  оппозицияга каршы Мэйдин өкмөтүн колдоого алып, өздөрүнүн партиясынын пайдасына добуш беришти. «Британия өкмөт башы Тереза Мэй жалпы палатада Брексит келишими боюнча колдоо таппай ийгиликсиздике учурап, 2019-жылы 16-январда жалпы палатада оппозициялык лейбористер тарабынан анын өкмөтүнө ишеним көргөзбөө  сунушун бергенден кийин 306 добуш каршысына 325 көпчүлүк добушуна ээ болуп, анын өкмөтү ишенимге ээ болду. Бул нерсе жалпы жаңы шайлоо өткөрүүнүн алдын алды. 26-жылдан бери биринчи жолу өкүлдөр палатасында өкмөт ишеним таап жаткандыгы. Ошондой эле оппозиция  лидерлери үчүнчү күндөн баштап Brexit боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоого чакырды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жүзгө жакын консервативдик партиянын өкүлдөрү Brexit келишимине каршы добуш беришкен. Кайра үчүнчү күнү оппозиция көтөрүп жаткан өкмөткө ишеним көргөзбөөгө каршы добуш беришти». («Франц пресс», 2019.01.16.). Муну менен Мэйге 2019-жылдын 21-январына чейин «жаңы планды» сунуштоо мүмкүнчүлүгү жаралды. Ошондой эле Мэйде көптөгөн ыктыярдуу иштер мүмкүнчүлүгү да пайда болду. Мисалы, Брюссель менен кайра сүйлөшүүлөрдү баштоону убада кылуу. Же ушул жылдын 29-мартына белгиленген Brexit мөөнөтүн узартуу талабын коюу. Же келишими жок эле чыгып кетүү! Еврокомисиянын төрагасы мындай деди: «Британия өз максатын тез арада билдирүүсүнө чакырабыз. Негизи көп деле убакыт калган жок». («Анба» сайты, 2019.01.17.).
  3. Мына ушундайча Британияда 2019-жылы 16-январда Мэйдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөө ордуна референдум оюну айдан-ачык ишке салынды. Анткени, Мэйдин Brexit боюнча долбоору 2019-жылы 15-январда өтпөй калган. Анын ордуна Мэй өз өкмөтүнө колдоо тапты. Мэйдин долбоору өтпөй калышы жана анын өкмөтү колдоо табышы – экөө бири-бирине карама-каршы келген иштер!  Бирок, себебдерине назар салынса  өтө таң каларлык окуяга күбө болобуз – Мэйдин 118 партиялаштары  Мэйдин долбооруна каршы добуш беришип оппозициянын тараза ташын оорлоштурушту. Анын натыйжасында Мэйдин долбоору колдоо таппай калды! Бирок, Мэйдин ушул 118 партиялаштары оппозиция көтөрүп жаткан өкмөткө ишеним көргөзбөөгө каршы добуш беришип Мэйдин өкмөтүн колдоого алышты. Анын натыйжасында Мэй долбоору өтпөй калгандыктан  анын өкмөтү кулап калган жок…
  4. Жогоруда айтылып өткөн нерселердин негизинде 2016-жылдагы Британиядагы ЕБден чыгуу тууралуу референдум өткөрүүдөгү максат  Британия ЕБ менен жаңыча алакалардын шарттарын жакшыртуу максатында  шылтоо катары кылгандыгы көрүнүп турат. Ошондуктан, Мэй Brexit маселесинде өзүнүн «118» партиялашы оппозициянын тараза ташын оор кылышы максатында өзүнө каршы добуш берүүгө мүмкүндүк берди! Эгер, ал 2016-жылдагы референдум өз күчүндө калышын каалаганда бул «118» партиялашына өзүнө каршы добуш беришине мүмкүндүк бермек эмес. Бирок, өзүнүн өкмөтү кулап калбаштыгы үчүн бул «118» партиялашын өзүн колдоп оппозицияга каршы добуш бердирди! Муну менен Мэй Британия   ЕБде дагы өзгөчөлүктөргө ээ болуп калуу жана жаңы алакалар негизинде өз кызыкчылыгына жетүү үчүн ЕБди шантаж кылууну улантуу максатында кылды… Британия ЕБден биротоло кол үзүп кете албайт жана азыркы ЕБдеги мыйзамдар негизинде да ЕБде калып да кала албайт. Андан биротоло чыгып кетүү Британиянын өзүнө чоң залакасын тийгизет. Айрыкча, Шотландия жана Түндүк Ирландияга өтө залакасын тийгизет.  Ошондуктан, ал ЕБде калууну каалап жатат, бирок шарттар менен. Же  чыгуудан башка оорун калбай калса, анда ЕБ эсебинен өзгөчөлүктөргө ээ болуп калууну самап жатат!
  5. Ошол эле маалда ЕБ Британияны өз «максатын ачыкташын» талап кылды. «ЕБ Британиядан «мүмкүн болушунча тез арада» ЕБден чыгып кетүү планындагы өз «максатын ачыктоону» талап кылды. Дагы кошумчалап  «бул добуш берүү менен көзөмөлсүз чыгып кетүүнүн кооптуулугу менен да эскерти». («CNN arab», 2019.01.15.). 2016-жылдагы референдум тууралуу чыккан жообдо мындай дегенбиз: «ЕБ Британиянын айла-амалын түшүнүп калган өңдүү. Британия Лиссабон келишимдеги «50-берене» негизинде бөлүнүү жараяны башталышынан мурда Норвегия жана Швед үлгүсү негизинде өз кызыкчылыгын сактап калуу максатында расмий эмес келишимге жетүүнү каалап жатат. Бирок, Норвегия менен Шведдикинен башкача. Британия Европа базары ага ачык болуусун каалады жана адамдардын өлкөгө эркин кирип-чыгууларына каршы болду. Анткени, бул маселе Британия шайлоочулары арасындагы негизги көйгөй болуп саналат.  Муну Меркель кескин түрдө четке какты. Анткени, адамдардын ЕБ ичинде эркин жүрүүлөрү кызмат, акча жана товар алмашуулары катарындагы эле ЕБ  кастарлаган эркиндиктердин бири. ЕБ Британиянын айлакерлик кылып жатканын сезди. Ал муну эле четке какпастан, ЕБге мүчө болгон 27 өлкөнүн кайсы бири Британия менен жашыруун да сүйлөшүү өткөрүүсүнө чек койду.  Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер мындай деди: «Менин өтө ачык болуума мүмкүндүк бергиле, Британия өкмөтү менен жашыруун сүйлөшүү өткөрүү мүмкүн эмес». Ошондой эле бул ишти комиссия жана комитет мүчөлөрүнө өтө айкындаштырып мындай деди: «Эч кандай жашыруун сүйлөшүүгө жол жок… эч кандай жашыруун сүйлөшүүгө жол жок. («Evening standard»). Германия канцлери Меркель Лондонго жолдогон катында мындай деди: «Британия ЕБден чыгуу тууралуу референдум өткөргөндөн кийин ЕБдеги өз өзгөчөлүктөрүн сактап кала албайт жана ошол эле маалда баардык милдетеринен бошойт». («DPA», 2016.06.28.). (цитата бүттү).
  6. Бирок, Британия ЕБ анын максатын түшүнүп калганына да карабастан 2019-жылы 15, 16-январда референдум саясий оюнун уланты. Брексит долбооруна байланыштуу 2016-жылкы референдумду жокко чыгарды.  Бирок, долбоорду демилгелөөчү Мэйге карата ишенбөөчүлүк көргөзүлгөн жок, башка жаңы долбоорду демилгелөөсү үчүн ага ишеним көргөзүштү! Айрыкча, ЕБде калуу же чыгуунун айырмасы жок Ирландия маселесин чечүү үчүн ага ишеним көргөзүштү. Кырдаал ушундайча уланды, массалык маалымат каражаттары бул жаатта Мэйдин жаңы планын маалымдай башташты.

А. Британия өкмөт башы Мэй парламент тарабынан ЕБ менен жетишилген «Брексит» келишими негизинде ушул жылдын март айында Британиянын ЕБден чыгуусу четке кагылган соң, 2019-жылы 21-январда «алтернатива» катары жаңы планын парламенке сунуштады. Эгер, парламент чыгуу мөөнөтүн узарта алышпаса же Еврокомиссияны жаңы алтернативдик план менен ыраазы кыла алышпаса, анда Британия келишим жок эле ЕБден чыгат. Мэй өзүнүн сунуштаган планын кандай кылып ишке ашыруу жараянын тактаган соң ушул жылдын 29-январында добушка коюлушу үчүн парламент тарабынан да оңдоп түздөөлөр киргизилет. Параламент четке кагып жаткан өтө карама-каршылыкты пайда кылып жаткан берене «коопсуздук тармагы»  боюнча. Бул мыйзамда Ирландия менен чек арада эркин кирип чыгуу кепилдиги камтылган. Азыркы учурда Британия ЕБ менен узак мөөнөттү соода келишимине жетише алган жок. «Sunday Times» гезитинин маалыматына ылайык, Мэй Дублин менен өзүнчө келишимге жетишүүнү сунуштайт. («AFP», 2019.01.21.).

Б. «Телеграф» гезити аты аталбаган дипломатиялык булактан алып берген маалыматында: «Мэйдин талабы Ирландия чек арасына байланыштуу мөөнөттүү милдетендирилген мыйзамдын коюлушуна такалып турат. Ал мыйзам Британияга ЕБден бир тараптуу чыгып кетишине мүмкүндүк берет. Же Ирландия чек арасы маселесине байланыштуу  милдеттенмелер күчүнө киришин алдын калуу максатында 2021-жылга чейин соода келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. («Ахбару Ливия», 2019.01.21.).

Г. Мэй 2019-жылы 21-январда билдирүү берди: «Өткөн айда ЕБдин лидерлери менен «коопсуздук тармагы» боюнча жетишилген келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Брюсселге баруу ниети бар экенин билдирди.  «Коопсуздук тармагы» боюнча мыйзам Ирландия менен чыныгы чек ара бекеттерин орнотууну жокко чыгарат. Мэй мындай деди: «Мен бул аптада өз милдеттемлерибизди кандай аткарышыбызды талкулоо үчүн  кесиптештерим менен жолугамын. Алардын арасында Түндүк Ирландия  юнионисттик демократия партиясынын жооптуулары да бар», чек ара орнотулбашынын алдын алууну баяндап: «Мүмкүн болушунча ири колдоо алуу жолу менен», – деди. Өкүлдөр палатасында кошумчалап мындай деди: «Мен бул талкуулардын корутундуларын ЕБге сунуштайм». ЕБдеги 27 өлкө жана башка өлкөлөр да Мэйдин кийинки кадамдары кандай болоорун күзөтүп турушат. («24 AFP», 2019.01.21.).

Д. «Мей Брексит боюнча өзүнүн кээ бир позициясы өзгөргөндүгүн жана парламент менен боло турган талкууда «ийкемдүүрөк» боло тургандыгын билдирди. Ошондой эле оппозициячыл лейбористтик партиянын Британия жумушчуларынын укуктарын камсыздоо жана Түндүк Ирландия, Ирландия республикасы менен катуу бажы көзөмөл коюлуусунан кооптонуп жаткан талабдарын да канаатандыруу максатында… Терезе Мэй Британиянын ЕБден чыгуу шартарынын жаңы планын Парламентке сунушайт. Анткени, парламент ушул жылдын 15-январында Мэйдин Брюссель менен келишкен биринчи планын четке каккан. Ушул жылдын 29-январында Британия парламенти Мэйдин жаңы планына карата добуш беришет». («RT аrabic», 2019.01.21.).

7. Корутундулап айтканда, Британия эч бир келишимди лаазым тутпайт, тескерисинче ал референдум оюнун ишке салып түрлөнүп турат. Ал өзүнүн кара ниеттик кызыкчылыгына жетүүдө айлакерлик кылуунун чебери. Кечээ Брексит долбоору тууралуу референдум өткөрсө, бүгүн аны жокко чыгаруу референдумун өткөрүп жатат! Бул деген ЕБ эсебинен долбоорго карата өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ЕБди шантаж кылуу саясаты. Капиталисттик Батыштын баардыгында туруктуу кыймат болбошуна карабастан, Британия өзүнүн колонизаторлук таарыхында булардын баардыгынан ашып түшөт.  Британия ЕБден биротоло кол үзүүнү каалган жок. Ал башка түрүн чыгып кеткен да ичинде калганда эмес абалды каалап жатат! Башкача айтканда, ЕБден бир учурда чыккан, ошол эле маалда ичинде калган абалды каалап жатат! Ал ЕБдин мыйзамдарын лаазым тутпастан, анын алакаларынан пайдалангысы келип жатат, өзүнүн пайдасы үчүн гана пайдаланууну максат кылды. Биз жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Британия биринчи референдумду өткөрүп, бирок анын жыйынтыгын создуктура баштаганда Германия канцлери Меркель Лондонго жолдогон катында мындай деди: «Британия ЕБден чыгуу тууралуу референдум өткөргөндөн кийин ЕБдеги өз өзгөчөлүктөрүн сактап кала албайт жана ошол эле маалда баардык милдетеринен бошойт». («DPA», 2016.06.28.). Эгер, Британия биринчи жетишилген Брексит долбоорунун кандайдыр бир беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизбестен, ага бекем туруп алса, анда ЕБ Британияны аны кабыл алып ишке ашырына же ЕБден чыгуу шартын коюу менен ага өз ишинин убалын тарттырып коюшу толук мүмкүн. Эгер, Британия ушундай кыла турган болсо, анда өзү каскан орго өзү түшүп калат. Эгер, ЕБ Британиянын өзгөртүүлөрүн кабыл алса, анда Британия ЕБдин жонуна тээ ал өзү кетирген катаны сезгенге чейин түшпөстөн минип алат!

Мындай абал бири-бирине ор казган илманий (динсиз) капитализмди кабыл алган элдерде жүз берет. Алар өздөрү казган орго кээ бир бөлүгү же тобу менен түшүп кетишет. Аларды бул иштеринен токтотуп же тосуп коё турган карманар баалуулуктары, кыйматтары жок. Тескерисинче, алардын бири-бирине кастык кылуулары Аллахтын мыйзамын лаазым тутпагандар сыяктуу. Аллах айтат:

لَا يُقَاتِلُونَكُمْ جَمِيعًا إِلَّا فِي قُرًى مُّحَصَّنَةٍ أَوْ مِن وَرَاء جُدُرٍ بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعًا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَعْقِلُونَ

«Алардын (бири-бирине болгон) кастыгы катуу. Аларды бир деп ойлойсуңар. Алардын жүрөктөрү ар түрдүү. Анткени алар акыл жүргүзбөгөн коом»                                  [59:14]

Бул ааламды башынан аягына чейин бактысыздыкка оронуп алгандар оңдой албайт. Тескерисинче, Аллахтын мыйзамын орното турган туура жолдогу Халифалыкты тикелөө менен дүйнө бактысыздыктан куткарылат. Халифалык өз карамагына эле жакшылык, адилеттүүлүк нурун таратпастан,  Аллахтын жардамы менен бүткүл дүйнөгө таратат. Аллах айтат:

وَلَتَعْلَمُنَّ نَبَأَهُ بَعْدَ حِينٍ

«Анын кабарын бир аздан кийин билесинер»                                                             [38:88]

29жумаадилуула, 1440-х.

25-январь, 2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here