Трамп АКШдагы шатдаунду убактылуу токтотту

356
0

Трамп АКШдагы шатдаунду убактылуу токтотту

АКШ президенти Дональд Трамп бир катар мекемелер үчүн 15-февралга чейинки убактылуу бюджетти тастыктады жана ушул аркылуу өлкө тарыхындагы эң узак шатдаунга чек койду. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады. 

Кабарда келишинче, бул убакыт узак мөөнөттүү бюджетти  талкуулоо үчүн пайдаланылат.

Трамп 35 күнгө созулган шатдаунга себеп болгон конгресстеги демократтар менен тирешүүдө биринчи болуп чегинди. Буга чейин ал Мексика чек арасына дубал куруу үчүн каражат эсепке алынбаса бюджетти тастыктоодон баш тарткан, демократтар болсо ал сураган каражатты бөлүүдөн баш тартышкан.

  Бул Трамп президенттиги доорундагы үчүнчү шатдаун, а бирок, буга чейинки эки абалда президент менен конгресс ортосундагы келишпестик кыска убакытта жөнгө салынган.

Трамп өз аракетине түшүндүрмө берип, Twitter баракчасында бул аракети чегинүү эмес, “миллиондогон адамдар үчүн тынчсыздануу” экендигин жазган.

Ал: “21 күндөн кийин келишүү болбосо, тамаша кайрадан башталат”, – деген.

Ак үй өкүлдөрүнүн билдириүүсүнө ылайык, Трамп убактылуу бюджеттин мөөнөтү  аякташы менен демократтардын позициясына карабастан Мексика чек арасына дубал курууга киришет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here