Помпео: АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгууну каалайт
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШ Афганистанда тынчтыкка жетишүү жана ал жерден аскерлерин алып чыгууну олуттуу каалап жаткандыгын билдирди.
“АКШ тынчтыкка жетишүүнү, Афганистан эл аралык терроризм үчүн мекен болуп кала турган абалдын алдын алууну жана аскерлерди үйгө кайтарууну олуттуу каалайт”, – деп жазган Помпео твиттерде.
Помпео АКШ Афганистандын суверенитети жана көзкарандысыздыгын бекемдөөгө умтулуп жатканын кошумчалады.
Буга чейин АКШнын Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад АКШ “Талибан” менен сүйлөшүүлөрдө маанилүү маселелер боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкенин кабарлаган. О.э. АКШ талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жакын арада дагы кайрадан улантышын белгилеген.
21-январда Катардын борбору Доха шаарында “Талибан” жана АКШнын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталган.
Халилзад твиттерде: “Дохадагы 6 күндөн кийин кеңешүү үчүн Афганистанга жол тартып жатам. Бул жолугушуу мурункуларга караганда натыйжалуу болду. Биз мааинлүү маселелер боюнча бир топ ийгиликтерге жетиштик. Бизде дагы чечилиши керек болгон бир топ маселелер калды”,- деп жазган.