Саудия өкмөтү Кыргызстанга 3,7 миллион доллар грант бөлөт
Саудия социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 3,7 миллион доллар грант берет. Аталган грант боюнча макулдашууга Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин, Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланды.
Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоору Кыргыз Республикасында социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 3797,0 миң АКШ доллары суммасында каржыланат жана төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган:
— 1245,2 миң АКШ доллары суммасында «Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдуу»;
— 960,0 миң АКШ доллары суммасында «Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу»;
— 1440,0 миң АКШ доллары суммасында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу».
Мындан тышкары, Гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң АКШ доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.
Саудиянын башкаруу түзүмү капитализм негизине курулгандыгы эч кимге сыр эмес. Демек, миллиондогон долларды кандайдыр бир кызыкчылык үчүн берип жатканы анык. А бирок, кабарда бул гранттар эмне максатта берилип жатканы ачыкталбады.