Ак үй Афганистандан аскерлерди алып чыгуу жөнүндөгү кабарларды четке какты

671
0

Ак үй Афганистандан аскерлерди алып чыгуу жөнүндөгү кабарларды четке какты

АКШ президенти Дональд Трамп Пентагонго Афганистандагы аскерлерди алып чыгуу боюнча буйрук берген эмес. Бул тууралуу “Bloomberg” агенттигинин кабарчысына АКШ улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Гарретт Маркис билдирген.

Афганистандагы эл аралык аскерий контингенттин башчысы генерал Скотт Миллер да мындай буйрук болбогонун тастыктаган.

21-декабрь күнү Америкадагы басылмалар 17 жыл мурда Афганистанга кирген америкалык аскерлерди артка кайтаруу башталышы, Пентагон 2019-жылдын январь айында Афганистандан 7 миң аскерди алып чыгышы жөнүндө жазышкан эле.

Ошол күнү АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис отставкага кетти. ЖМКлар Мэттис Трамптын аскерлерди Сирия жана Афганистандан чыгаруу идеясы менен бир пикирде болбогону себептүү отставкага кеткенин айтышууда.

19-декабрь күнү АКШ президенти Дональд Трамп “ИШИМ” уюму жеңилгендигин жарыя кылып, америкалык аскерлерди Сириядан алып чыгууга буйрук берген. Кийинчерээк, Ак үй Сириядагы согушкерлердин калдыктарына каршы күрөштү Россия, Түркия жана Иран сыяктуу мамлекеттер улантышы керектигин айткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here