Украинада аскерий абал киргизилди

334
0

Украинада аскерий абал киргизилди

Украинанын президенти Пётр Порошенко өлкө аймагында аскерий абал киргизүү туурасындагы жарлыкка кол койду. Аталган жарлык президенттин сайтында жарыяланды.

Жарлык 26-ноябрдан баштап күчүнө кирди. Аскерий абал 2 айга, башкача айтканда  2019-жылдын 25-январына чейин киргизилди.

Украинанын Конституциясына ылайык, Коргонуу жана коопсуздук кеңеши аскерий абал киргизүү боюнча сунуш менен кайрылат. Андан соң аны президент макулдап, атайын жарлык чыгарышы керек болот. Ошондон кийин Украина парламенти аны кабыл алышы мүмкүн.

Украина президенти Керч кысыгында жүз берген окуя себептүү ушул жарлыкка кол койду. 25-ноябрь үнү РФ Коопсуздук кызматы (ФСБ) Украина аскер-деңиз күчтөрүнүн 3 кемесин Россия аннексия кылып алган Крым суулары аймагынан кармаган эле.

Учурда Украина армиясы толук күжүрмөн даярдыкка келтирилген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here