АКШнын Россия жана Кытай менен атаандаштыгынан Европа өлкөлөрү зыян тартууда

273
0

АКШнын Россия жана Кытай менен атаандаштыгынан Европа өлкөлөрү зыян тартууда

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маастын билдиришинче, АКШнын Россия жана Кытай менен атаандаштыгы Европа өлкөлөрүнө таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу РИА“Новости” кабарлады.

Министрдин айтымында, заманбап геосаясий кырдаал дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер ортосунда жүз берүүчү атаандаштык менен аныкталат.

 “Ушул атаандаштык аренасы дагы да аныгыраак болуп барууда: Бир тараптан, экономикалык – АКШ жана Кытай ортосундагы, соода согушунун күчөшү ыктымалы. Башка таратан, АКШ жана Россия о.э. АКШ жана Кытай ортосундагы стратегиялык атаандаштык”, – деди Маас.

Анын белгилешинче, азыркы кырдаалда Европа баарынан көбүрөөк зыян тартууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Кытай АКШга кескин жооп кайтарган.

Кытай тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуандын билдиришинче, АКШ президентинин  алдындагы экономикалык консультанттар кеңешинин төрагасы Кевин Хассеттин Кытайды Дүйнөлүк соода уюмунан (ДСУ) чыгарып жиберүү туурасындагы билдирүүсү маанисиз билдирүү болуп эсептелет о.э. АКШнын текебердигин далилдеп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here