АКШнын Башкы штаб башчысы: “Талибан” жеңилбеди

365
0

АКШнын Башкы штаб башчысы: “Талибан” жеңилбеди

АКШнын Башкы штаб башчысы генерал Жозеф Данфорд Канадада уюштурулган “Галифакс” коопсуздук форумунда сүйлөгөн сөзүндө “Талибан” жеңилбегендигин билдирди. Данфорддун айтышынча, Афганистандагы согушка аскерий аракет аркылуу чек коюу мүмкүн эмес.

“Талибан” жөнүндө билдирүү берген Данфорд: “Алар бүгүнкү күнгө чейин жеңилишпеди. Муну айтуу адилеттүүлүк болот деп ойлоймун”, – деди.

Данфорддун айтымында, АКШ жана НАТО союздаштары “Талибан”ды согушту токтотууга көндүрүү үчүн аскерий, саясий жана экономикалык басымдарды күчөтүүгө аракет кылууда.

Данфорд: “Талибан” белгилүү бир чекитте биз менен келишүүгө мажбур экендигин билет, буга биз толук ишенебиз. “Талибанды” сүйлөшүүлөргө чакыруу үчүн бардык басымдарды колдонуу, ийгиликтин ачкычы болуп эсептелет”, – деди.

Данфорд “Талибан” менен сүйлөшүү чекитине келүү үчүн “узак жол” бар экендигин айтты.

АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад 5 айдын ичинде “Талибан” менен тынчтык келишимин түзүүдөн үмүттөнүп жаткандыгын билдирди.

“2019-жылдын 20-апрелинде болуп өтүүчү Афганистандагы жергиликтүү шайлоого чейин тынчтык келишимине жетишебиз деген үмүттөбүз. Буга тиешелүү бардык тараптар жана бардык афган топтору менен жолугушуп жатам. Келишүү жана тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк бар деп ойлоймун”, – деди Халилзад.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here