Өзбекстан менен Европа Союзу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

246
0

Өзбекстан менен Европа Союзу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Өзбекстан жана Европа Союзу кызматташтыкты кеңейтүү туурасындагы жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

Европа Союзунун Өзбекстандагы делегациясынын маалымат кызматы: “Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен Еврокомиссиянын вице-президенти, тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини өнөктөштүк жана кызматташтыкты кеңейтүү туурасындагы келишим боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштады”, – деп кабарлады.

 Федерико Могерини: “Үстүбүздөгү жылы эки жолу Өзбекстанда болуп, мамлекетте кеңири масштабдуу реформалар ишке ашырылып жатканына о.э. региондун өнүгүшүндө Өзбекстандын конструктивдүү ролуна күбө болдум. Бүгүн биз Европа Союзу жана Өзбекстан ортосундагы алакаларды мындан ары да кеңейтүүнүн тарапкери экенибизди олуттуу көрсөтүп жатабыз”, – деди.

Анын айтымында, жаңы келишим Өзбекстандагы реформаларды колдоого, саясий жана экономикалык алакаларды бекемдөөгө о.э. жалпы каталарды оңдоо жаатында биргеликте иштөөгө шарт түзөт.

Түзүлө турган келишим 1999-жылы 1-июлда кол коюлган учурдагы келишимдин ордун ээлейт. Ал саясий кызматташтык, соода жана инвестициялык алакалар, туруктуу өнүгүү жана эки тараптуу мамилелер о.э. адам укуктары жана башкаруу тармактарына каратылышы күтүлүүдө.

Келишимге кол коюу жараянын активдештирүү көздөлгөн негизги сүйлөшүүлөр 2019-жылдын башында башталат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here