Түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтары Бишкекте жолугушту

330
0

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтары Бишкекте жолугушту

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын 21-конференциясы болуп өттү. Конференция Түрк Кеңеши (2009-жылы 3-ноябрда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн уюм) тарабынан уюштурулду.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан берилген билдирүүдө келишинче, түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясына Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жана өкүлдөрү о.э. башка өлкөлөрдөн байкоочулар катышкан.

Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Идирис Кадыркулов төрагалык кылган конференцияда Афганистан, Сирия жана Иракта жүз берип жаткан окуялардын Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук абалына канчалык таасир өткөрүшү талкууланган айтылууда. О.э. Афганистан, Сирия жана Ирактагы акыркы окуялар жөнүндө отчёт сунушталган.

Мындан тышкары, конференциянын катышуучулары “терроризм”ге каршы күрөш боюнча түзүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды кабыл алуу жөнүндө чечимдерди жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча баяндаманы угушуп, анын алкагында ачык пикир алышуулар болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here