Жээнбеков: Биз боордош  Өзбекстан менен мамилени баалайбыз

247
0

Жээнбеков: Биз боордош  Өзбекстан менен мамилени баалайбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нурдинжон Исмоиловду кабыл алды. Жээнбеков кабыл алуу учурунда эки коңшу өлкөнүн ортосундагы, башкача айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы боордоштук мамилени жогору баалай тургандыгын билдирди.

Жээнбеков: “Боордош Өзбекстан менен мамилени баалайбыз, кыргыз-өзбек достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат. Саясий эрк көрсөтүп, кыргыз-өзбек кызматташуусун жемиштүү өнүгүшүндө практикалык кадамдарды жасаган Өзбекстандын Президенти Шавкат  Мирзиёевдин аркасы менен мамилелерибиз сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Баардык маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди”, – деди.

Жээнбеков эки өлкө ортосунда акыркы жылдардагы маанилүү алакаларга токтолуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жакшы мамилелер күн санап чыңдалып жатканын белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here