Вашингтон: Яманда аскерий жол менен жеңишке жетүүгө болбойт

367
0

Вашингтон: Яманда аскерий жол менен жеңишке жетүүгө болбойт

АКШ мамлекеттик департаменти Ямандагы (Йемен) согушуп жаткан тараптарды проблеманы сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды. Анын билдиришинче, Яманда аскерий жол менен жеңишке жетүү мүмкүн эмес.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Палладино: «Биз Ямандагы окуяларды көңүл коюу менен күзөтүп жатабыз», – деди.

Роберт Палладино:  “Тышкы иштер министри Майк Помпео Яманда аскерий жол менен жеңишке жетишип болбостугун билген абалда, бардык тараптарды сүйлөшүү столуна чакырды”, – деп кошумчалады.

Палладинонун айтымында, АКШ өкмөтү Саудиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Ямандын расмийлерине Ямандагы инфраструктураны жок кылуу жана жарандарга жардам берүү жолдорун кыйратуу кабыл алынгыс иш экендигин ачык айтууда. Ошондуктан, Вашингтон бардык тараптарды аскерий аракеттерди токтотууга жана БУУнун Ямандагы элчиси Мартин Гриффитстин тынчтык чечимин колдоп-кубаттоого чакырууда.

Бирок, Яманда согушуп жаткан “Ансаруллах” жамаатынын жетекчиси Абдулмалик ал-Хуси Ямандагы согуштун уланышы Вашингтондун позициясына байланыштуу экендигин, эгерде Америка кааласа согушту бир заматта токтотуп коюшу мүмкүн экендигин билдирди.

Абдулмалик ал-Хуси: “Бул агрессиянын уланышы Американын позициясына көз каранды, эгерде Америка бул согушту токтотмокчу болсо, дароо токтойт”, – деди.

“Ансаруллах” жамаатынын жетекчисиАКШ Яман согушунда негизги ролду ойноп жаткандыгын билдирип: “Калкыбызга каршы аскерий операцияларда АКШ негизги ролду ойноп жатат. Ал согушту башкарууда о.э. жийиркеничтүү кылмыштарды ишке ашырууда жана бузукулук кылууда”, – деди.

Абдулмалик ал-Хуси Вашингтонду Ямандагы согушту пландаштыруу, башкаруу жана толук көзөмөл кылууда айыптап, Саудияны жана Бириккен Араб Эмираттарын “АКШнын колундагы курал” катары сыпаттады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here