Абдусалом Азизов АКШнын аскерий делегациясын кабыл алды
8-ноябрь күнү Өзбекстандын коргоо министри, генерал-майор Абдусалом Азизов АКШ коргоо министринин Түштүк Азия жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын орунбасары Колин Жексон башчылыгындагы аскерий делегацияны кабыл алды. Колин Жексонду АКШнын Өзбекстандагы убактылуу өкүлү Алан Мельцер коштоп жүрдү.
АКШ куралдуу күчтөрү делегациясынын Өзбекстанга сапарынан көздөлгөн максат – эки өлкөнүн коргоо министрликтери ортосундагы аскерий кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулоо.
Жолугушуунун алкагында Афганистандагы абалды жөнгө салуу, эл аралык терроризмди жоюу жана региондо тынчтыкты туруктуу сактап туруу боюнча пикир алмашылды.
“АКШ биз үчүн ишенимдүү, көптөгөн жылдар бою сыналган өнөктөш болуп, ортобуздагы достук мамилелер туруктуу көрүнүштө өнүгүүдө. Дүйнөдөгү кубаттуу согуштук мүмкүнчүлүккө ээ болгон мамлекет менен бекем алака орнотуу, биздин армиянын согуштук жөндөмүн күчөтүүгө таасирин тийгизет”, – деди Абдусалом Азизов.
АКШ делегациясы Өзбекстандын коргоо министри менен жолугушуудан кийин Куралдуу күчтөр академиясына барды.