Яхудий компаниясы Өзбекстанда канаттуулар фабрикасын курат
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мамлекетте “реформаларды” ишке ашырып жаткандыгы жөнүндө үзгүлтүксүз кабарланууда. Ошол “реформалар”дын бири катары (Израил)ге караштуу компания Өзбекстанда канаттуулар фабрикасын курууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлады.
Кабарда келишинче, (Израил)дин “Levia Group” компаниясы Өзбекстандын Андижан облусунда канаттуулар фабрикасын куруп, аймакты тоок эти менен камсыздоону пландаштырууда. Аталган фабрика жылына 14 миң тонна эт өндүрүүгө болжолдонот.
О.э. (Израил)ден келген эксперттер фабрика үчүн сунушталып жаткан жерди көздөрү менен көрүү үчүн Андижан облусуна барышкан. Сапар учурунда “Levia Group” компаниясынын өкүлдөрү фабрика курулушун баштоо үчүн белгиленген жерди көрүп чыгып тастыкташкан жана канаттуулар фафрикасынын курулуш долбоору жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сунушталган.
Жолугушуудан кийин “Израил”дин “Levia Group” компаниясы Өзбекстандын «Узбекозиқовкатхолдинг» компаниясы менен кызматташтыкта канаттуулардын этин жеткирип берүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишим түздү. Курулуштун баштапкы баасы 46 миллион долларга бааланууда.