Трамптын “Саан уй” теориясы “түшүмүн” берип жатабы?

354
0

Трамптын “Саан уй” теориясы “түшүмүн” берип жатабы?

АКШ президенти Дональд Трамп, Америка Саудияны коргоп жаткандыгын жана мунун акысына эч нерсе ала албай жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, ал Саудиянын королу Салман бин Абдулазизге бул тууралуу ачык айткан.

Трамп Виржиния штатында сүйлөгөн сөзүндө: “Мен Саудияны жакшы көрөмүн. Бүгүн эртелеп король Салман менен көпкө сүйлөштүк. Мен ага “сиздин триллиондогон долларыңыз бар, эгерде мамлекетке чабуул болсо, эмнелер болушун жалгыз кудай билет” дедим… Мен ага, “Эй король, сиз өз самолётуңузду да сактап кала албашыңыз мүмкүн, себеби Саудия чабуулга учурайт. Бирок, сиздин коопсуздугуңуз бизге байланыштуу, а бирок, биз мунун акысына алышыбыз керек болгон нерсени ала албай жатабыз” дедим”, – деп айтты.

Ал дагы кошумчалап: “Биз алардын кошуундарына колдоо көрсөтүп жатабыз. Ушул жерде төмөнкүдөй суроо пайда болот: Эмне үчүн бул бай мамлекеттердин кошуундарын колдоп жатабыз? Оор абалда жашап жаткан мамлекеттерге жардам сунушталса, бул башка маселе. Бирок, биз Саудия, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу бай мамлекеттердин кошуундарын эмне үчүн колдоп жатабыз? Себеби, алар төлөп коюп жатышат. Проблема, буга чейин эч ким муну талап кылбагандыгында”, – деди.

Трамп ошол эле күнү Миссисипи штатындагы митингде, эгерде АКШнын колдоосу болбосо, Саудиянын королу Салман эки апта дагы бийликте тура албастыгын билдирип: “Саудияны биз коргоп жатабыз. Алар бай экендигин айтышыңар мүмкүн, мен король Салманды жакшы көрөмүн. Ал эми Салманга “Сизди биз коргоп жатабыз. Биз болбосок, сиз ал жерде (бийликте) эки апта дагы тура албайсыз. Ошондуктан, аскерий чыгымдар үчүн бизге акча төлөшүңүз керек” деп айттым”, – деди.

АКШ президенти ушул билдирүүлөрдөн бир нече күн мурда, Эр-Риядды аскерий чыгымдарды көбөйтүүгө чакырган эле.

Туркистон:

Сауддар да – башка мусулман жетекчилер сыяктуу эле – Аллахтын “Алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт” деген маанидеги аяттарына ишенишпеди. Эми кордук ачык айкын жүз берүүдө! Куфр өз жеңиши менен сыймыктанып, дүйнөгө жар салууда! Алардын жеңиши – мусулман өлкөлөрдөгү мамлекеттер бири-биринен, же мусулман жамааттардан кооптонуп, кафирден жардам сурап жаткандыгында. Эми ушул коргоо үчүн кафирлерге акы төлөй турган болушту! Бул көрүнүш – куфр дүйнөсүнүн жеңиши, Ислам жана мусулмандардын кордолушу катары бааланат.

Трамп өзүнө жүктөлгөн – дүйнөлүк системага өзгөртүү киргизүү – миссияны аткарууда. АКШдан дүйнө жетекчилигин талашуучу мамлекет калбады. Ошондуктан, эми дүйнө жетекчилигин өз колунда кармап туруу үчүн мойнуна алган финансылык милдеттенмелерден баш тартып барууда. Эми, алсыз мамлекеттерди жасалма коркунучтардан коргоп жатканы үчүн алардан акы талап кыла баштады. Бул талап, согуш жүрүп жаткан учурда коюлган талап болсо, “аскерий союздаш, жардамчы же өнөктөш” деп сыпатталса болот эле. Бирок, тынчтык абалында болушу мүмкүн болгон коркунуч үчүн акы талап кылууну “тоноочулук, зордукчулдук (эл аралык рекет)” дегенден башка кантип атоого болот. Себеби, дүйнөнүн бардык жеринде турган АКШнын аскерий базалары, АКШ кызыкчылыгы жана дүйнөлүк жетекчиликтин кепилдиги үчүн гана кызмат кылат. Ушул максатта турган аскерий базалары үчүн АКШ ошол мамлекеттерге каржылык жана башка материалдык жактан колдоо көрсөтүп келген. Жасалма коркунучтар болсо, мамлекетке куфр базаларын жайгаштырууга уруксат берген кыянатчы акимдерди өз жарандарынан коргоо үчүн уюштурулган маалыматтык чабуулдар болчу. Эми Трамп акимдерге өзүңөрдү өзүңөр коргоп алгыла демекчи болууда. Демек, АКШ бир ок менен эки коён атууну көздөп жатат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here