АКШнын мамлекеттик катчысы КЭДР жетекчиси менен жолугушту

275
0

АКШнын мамлекеттик катчысы КЭДР жетекчиси менен жолугушту

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшемби күнү Пхеньянга расмий сапар менен барып, Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын менен жолугушту. Бул тууралуу, ал өзүнүн Twitter‘ баракчасында маалымдады.

 Ал: “КЭДР жетекчиси Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн Пхеньянга болгон сапар ийгиликтүү болду. Биз Сингапурда түзүлгөн келишимдердин үстүндө иштөөнү улантып жатабыз. Мени жана АКШ делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазылык билдирем”, – деп жазды.

 “Kyodo”агенттигинин маалыматына ылайык, Майк Помпео жекшемби күнү Ким Чен Ын менен Корея жарым аралында денуклеаризацияга жетишүүгө багытталган эки сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Түштүк Кореяга барган. Бул сапар, АКШ мамлекеттик катчысынын КЭДРге төртүнчү сапары болуп эсептелет. Дүйшөмбү күнү Помпео Пекинге барат жана ал жерде да өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Помпео андан соң Японияга барып, ал жерде Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана тышкы иштер министри Таро Коно менен жолугушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here