Варшавада ИНОТ-2 Тажикстан улуттук биримдик уюму түзүлдү

583
0

Варшавада ИНОТ-2 Тажикстан улуттук биримдик уюму түзүлдү

9-сентябрь күнү Варшава шаарында 4 оппозициялык уюм биригип, башкача айтканда, “Ислам кайра жаралуу” партиясы, “Реформа жана өнүгүү” кыймылы, “Тажик эркин пикирлүүлөрү” конференциясы жана “Борбор Азия мигранттары Конференциясы” биригип, “Тажикстан улуттук биримдиги” деген аталыштагы жаңы тажик оппозициясын түзүштү. Бул жараян т.а. ИНОТ-2 деп аталган оппозициялык уюм түзүү жараяны эки жылдан бери уланып келе жаткан. Бир нече оппозициялык топтор, анын ичинде “Группа 24” жана  Додожон Атовуллоев жетектеген тажик оппозициясы бул уюмга мүчө болуудан баш тартышкан.

Тажикстан оппозициясы уюмду 9-сентябрда, башкача айтканда, Тажикстан эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгында негиздешти. Ушул аптада Варшава шаарында ЕККУнун кезектеги саммити болуп өтөрү күтүлүүдө. Ага тажик оппозициясынан бир нече өкүл чакырылган. Саммиттин астында оппозициялык 4 күч ортосунда келишүү жарыя кылынды.

Ага “Ислам кайра жаралуу” партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири, “Реформа жана өнүгүү” кыймылынын жетекчиси Шарофиддин Гадоев, “Тажик эркин пикирлүүлөрү” конференциясынын төрагасы Алим Шерзамонов жана “Борбор Азия мигранттары” конференциясынын жетекчиси Илхомжон  Якубзада кол койду.

Мухиддин Кабиринин айтышынча, бул оппозициялык уюмдун эшиги ар кандай саясий күчтөргө ачык.

Эмне үчүн башка уюмдар мүчө болбоду деген суроого мухиддин Кабири: “Аракетти бир чекиттен баштоо керек жана азыркы баскычта ушул 4 топ биригүүгө даяр экендигин далилдешти”, – деп жооп берди

Улуттук Биримдик уюму төмөнкүлөрдү максат кылып белгилеп алды: Тажикстандын өнүгүүсү үчүн экономикалык теңдикти камсыздоо, сөз эркиндиги, пикир эркиндиги, ишеним эркиндиги,  нааразылык акциялары, жашоодогу укуктар, жогорку деңгээлдеги медиициналык жардам менен камсыздоо, шайлоо жана шайлануу укугуна ээ болуу жана башкалар.

Тажикстанда жалпы реформаларды ишке ашыруу, мыйзамчылыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү о.э. адилеттүү, көз карандысыз шайлоолорду өткөрүү да ИНОТ-2нин негизги максаттарынан болуп эсептелет.

“Группа 24” жана Атоуллоев башчылык кылып жаткан оппозициялык топ бул уюмга мүчө болбостугунун себеби тууралуу билдирип: “Жаңы түзүлгөн уюм табигый түрдө Мухиддин Кабиринин таасири астында аракет кылат. Адатта ХНИТ “бийлик менен келишүү жолу аркылуу реформага жетишебиз” деген нерсени өзү үчүн жетекчи пикир кылып белгилеп алган. Ал эми “Группа 24” максаты учурдагы бийликти түп-тамыры менен сууруп таштоодон турат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here