Кыргызстанга Кытайдын аскерий делегациясы келди

562
0

Кыргызстанга Кытайдын аскерий делегациясы келди

Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын орун басары генерал-полковник Сюй Цилян башында турган аскерий делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады.

Жолугушуу жабык эшиктер артында өтүп, тараптар аскерий жана техникалык кызматташтык масалелерин талкуулашты.

Кабарда келишинче, Кытай Башкы штабга курал-жарак жана аскерий техникаларды гранттык негизде берет. О.э. аскерий турак-жайларды куруу үчүн материалдык жана техникалык жардам берилет. Бериле турган каражаттын өлчөмү азырынча белгисиз.

Туркистон:

Кытайдын бул аракети аракети колонизатор мамлекеттин мамилеси болуп, ал өзүн биздин ички иштерибизден жоопкер сыяктуу көрсөтүп жатат. Өкмөт болсо Кытайга көз каранды экендигин көрсөтүп, аларга кулдук кылууда. Алардын алдында өздөрүн кор тутуп, алардын ар бир талабы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде аткарылууда. Сак бололу, Кытай Кыргызстан тарапка кеңейүү максаты менен ачык жана ыкчам кадамдарды таштай баштады. Кыргыз бийлиги болсо, ага бардык эшиктерди ачып берүүдө. Мусулман болуп туруп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө бул кудайсыздардын колдоосуна таянып, алар менен кызматташат имиш. Бул кудайсыздыктын өзү эмеспи!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here