Өзбекстанда интернеттен пайдалануу расмий түрдө чектелди

263
0

Өзбекстанда интернеттен пайдалануу расмий түрдө чектелди

Бүткүл дүйнөлүк интернет тармагында маалымат коопсуздугун мындан да жакшыртуу иш-чаралары туурасындагы өкмөттүн токтому кабыл алынды. Бул тууралуу “Ҳуқуқий ахборот” каналы кабарлады.

Токтом менен Өзбекстан мыйзамдары аркылуу таратылышына тыюу салынган маалымат бар болгон интернет тармагындагы веб-сайттан же веб-сайт баракчаларынан пайдаланууну чектөө тартиби жөнүндөгү мыйзам тастыкталды.

Мыйзамга ылайык, тыюу салынган маалымат бар болгон дүйнөлүк интернет тармагындагы маалымат ресурстарынын реестри түзүлөт. Аталган реестрге киргизилген маалымат ресурстарынан пайдаланууга чек коюлат.

Интернеттеги маалымат ресурстарынан пайдаланууну чектөө үч баскычта ишке ашырылат.

Биринчи баскычта, тыюу салынган маалымат бар болгон ресурстар аныкталат. Ушул баскычтагы аракеттер Массалык  коммуникациялар тармагындагы мониторинг борбору тарабынан ишке ашырылат. Борборго юридикалык жана физикалык тараптар тарабынан белгиленген тартипте келип түшкөн кайрылуулар да мониторинг жүргүзүүгө негиз болот.

Мониторингдин натыйжасында тыюу салынган маалымат бар болгон интернет тармагындагы маалымат ресурсу аныкталган учурда аталган борбор бул боюнча корутунду чыгарат.

Экинчи баскычта, маалымат ресурсу реестрге киргизилет. Реестрге киргизүү үчүн Массалык коммуникациялар тармагындагы мониторинг борборунун корутундусу о.э. Массалык коммуникациялар тармагындагы эксперттик комиссиясынын токтому негиз болот.

Үчүнчү баскычта, ыйгарым-укуктуу орган болуп эсептелген Маалымат технологиялары жана коммуникацияларын өнүктүрүү министрлиги тарабынан интернет тармагындагы маалымат ресурстарын чектөө боюнча уюштуруу-техникалык иштер аткарылат.

 Мыйзамга ылайык, веб-сайттын же веб-сайт баракчасынын ээси, ошону менен бир катарда блогер тарабынан веб-сайтта же веб-сайт баракчасында төмөнкү маалыматтарды таратуу, ошол ресурстун чектелишине алып барат:

  • Өзбекстан республикасынын учурдагы конституциялык түзүмүн, аймактык бүтүндүгүн күч колдонуу менен өзгөртүүгө чакыруу;
    • Согуш, зомбулуктар жана терроризмди о.э.диний экстремизм, сепаратизм жана фундаментализм идеяларын үгүттөө;
    • Мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды же мыйзам менен корголгон башка сырды ачыктоо;
    • Улуттар аралык, расалык, этникалык же диний кастыкты козгоочу о.э. жарандардын аброюна шек келтирүүчү, алардын жеке турмушуна аралашууга жол берүүчү маалыматты таратуу;

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here