ШКУ Сириядагы “террорчулар” Орто Азияга көчүп жаткандыгын дагы бир жолу эскертти
Шанхай кызматташтык уюмунун расмий жооптуусу “ИШИМ” уюму куралдуу адамдарды Россия, Европа, Орто Азия жана Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттерине көчүрүүгө аракет кылып жатканын билдирди.
ШКУнун Аймактык антитеррор түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директорунун орунбасары Жумахон Гиесов Сирияда террорчулардын башчылары кол астындагы куралдуу согушкерлерди чет өлкөлөргө чыгарып жаткандыгын билдирди. Гиесовдун айтымында, буга алардын жеңилгендиги себеп болууда.
“Сириядагы очоктордун ийгиликтүү бастырылышы калган согушкерлерди башка жакка көчүүгө, алардын жетекчилерин болсо чет өлкөдөгү филиалдарын активдештирүүгө мажбур кылууда”, – деди Гиесов.
Ал: “ИШИМдин атайын бөлүктөрү Орто Азия, Түштүк Чыгыш Азия, Европа жана Россияда теракттарды ишке ашыруучу террордук топторду тикелөө жана жаңыдан даярдоо, же (Сириядан) ал жактарга экспорт кылуу менен алектенүүдө”, – деп кошумчалады.
ШКУнун расмий жооптуусу бул сөздөрүн РФ Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү Москвада “эл аралык терроризмге каршы күрөштүн алкагында, мыйзамсыз курал-жарактарды жеткирип берүүнүн алдын алуу” деген темада уюштурган маалымат жыйында айтып өттү.
Туркистон:
Мирзиёев режими 2018-жылдын апрель айында Өзбекстанда Куран окуу боюнча жарыш уюштурду. Анда ар бир облустан жүздөгөн мураттаб карылар катышты. Карылардын көпчүлүгү расмий эмес булактардан билим алышкандыгы ачыкка чыкты жана бул абал Мирзиёев режимин сестентип койду. Т.а. алардын божомолунда Каримов режиминин ушунча репрессиясынан кийин исламий таалим унутулган болушу керек эле. Инаятовдун жашыруун исламий кыймылдар жөнүндөгү болжолдуу отчёту тастыкталды. Анткени, өзбек режими Хизб-ут Тахрир менен эмес, Ислам жана анын бардык баалуулуктарына каршы күрөшөт!
Эл аралык саясаттын өзгөрүшү Өзбекстанды сөзсүз өз агымына тартат. ШКУ Кытай жана Россиянын таасири астындагы уюм. Алар Өзбекстан эл аралык саясат борборуна айланып бара жатышы жана АКШ менен жакындашып, анын максаттарына параллель стратегия менен иш алып барып жатышанан тынчсызданып, аны өз кызыкчылыгы тарапка багыттоого аракет кылышат. Бул аркылуу бүтүндөй Орто Азия регионун өз таасири астында кармап калмакчы болушат. Ал үчүн ШКУ Өзбекстанды дагы кайрадан мурунку абалына т.а. коопсуздук негизиндеги (полициялык) башкаруу системасына кайтарып, анын кошуна мамлекеттер, Афганистан жана АКШ менен болуп жаткан алакасын бузушу керек болот. Ошондуктан, россиялык чиновник дагы кайрадан “ИШИМ” проблемасын көтөрө баштады. Өзбек жооптуусу болсо, “хужра” системасы коркунучун көтөрүп, кадимки эле Куран жаттоо механизмин коркунучтуу кылып көрсөтмөкчү болууда. Эл аралык саясаттын бул агымы (АКШ, Кытай жана Россиянын кызыкчылыктары ушул региондо кагышып жатканы) Борбор Азияны жакшылыкка алып барбайт.